Кыргызстан Новосибирск шаарында дүң соода-логистикалык борборун курууну пландап жатат

Кыргызстан Новосибирск шаарында дүң соода-логистикалык борборун курууну пландап жатат

 Кыргызстан Новосибирск шаарында дүң соода-логистикалык борборун курууну пландаштырып жатканын Экономика министрлигине караштуу “Кыргызэкспорт” өнүгүү жана экспортту жылдыруу боюнча борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев билдирди. 

“Биздин Россияга негизги айыл чарба продукцияларын жеткирүүлөрүбүз Новосибирск хабы аркылуу өтөт. Ал жер бардык Урал регионуна, Екатеринбург, Карасноярск жана Якутияга чейин товарлар таралуучу өзүнчө бир транспорттук түйүн. Ошол себептен биздин өндүрүүчүлөрдүн сунушу менен бул шаарга Дүң соода-логистикалык борборун  курууну пландаштырып жатабыз”,-дейт ал. 

Анын айтымында, учурда Евразия өнүктүрүү банкы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга көмөктөшүп жатат. 

“ТЭН иштелип чыккан соң биз температуралык режимдери жана муздатуучу кубаттуулугу менен дүң соода-логистикалык борборду курулушуна финансы тартууга жана аны куруу пландарын ишке ашырууга киришебиз”,-дейт Т.Жумалиев. 

 “Ошол жерден бардык товарлар жакынкы “АШАН”,  “Пятерочка”, “Магнит” тармактарына, андан ары Урал федералдык округуна таратылат. Казакстан, Өзбекстандыкы бар, эми Кыргызстандыкын ачуу стратегиялык маанилүү чечим болот”,-деп кошумчалайт ал.    

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жалпы 3,7 млн эркек адам бар

Кыргызстанда жалпы 3,7 млн эркек адам бар

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2026-жылдын башына карата Кыргызстандагы эркектердин саны 3,7 млн адамды түзүп, бул жалпы калктын 49,5%ын түзгөн. Эркектердин болжол менен үчтөн экиси айыл жергесинде жашайт. Ошол эле учурда ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында жашайт. 2024-жылдагы маалыматтар боюнча эмгекке жарамдуу курактагы эркектердин иш менен

Акыйкатчынын аракети менен таластык 21 жаран кайра ишине орношту

Акыйкатчынын аракети менен таластык 21 жаран кайра ишине орношту

Талас облусунун 21 тургуну эмгек укуктарынын бузулушу боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаевага кайрылды. Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, жарандар 5-16-январь күндөрү Талас шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушунда иштеп келишкен. Алардын айтымында, курулуш компаниясы 16-январда жүйөсүз негизде жумуштан бошотуп, алардын ордуна башка өлкөнүн жарандары кабыл алынган. Маалым болгондой, жумушчулар менен

Кыргызстан 2025-жылы 6,2 тонна алтын экспорттогон

Кыргызстан 2025-жылы 6,2 тонна алтын экспорттогон

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан алдын ала маалыматтарга ылайык 6,2 тонна алтынды 682,8 млн долларга экспорттогону Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат. Белгилей кетсек, декабрь айында Кыргызстан алтын экспорттогон эмес. 2025-жылы алтын төмөнкү өлкөлөргө жеткирилген: * Швейцария — 3,9 тонна, 437,8 млн долларга; * Улуу Британия — 2,1 тонна,

Бишкекте курулуш объектиси 200 миң сом айып пулга жыгылды

Бишкекте курулуш объектиси 200 миң сом айып пулга жыгылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Көк-Жар айылынын Мадиев көчөсү 9 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жай курулуп жаткан объектте бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, 9 кабаттуу имаратка кошо