Кыргызстандын мөмө-жемиштери Европа мамлекеттерине экспорттоло баштады

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Европа мамлекеттерине экспорттоло баштады

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Европа мамлекеттерине да экспорттоло баштады, - деп бидирет Айыл чарба министрлигинен.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында мөмө-жемиш өстүрүүгө ылайыктуу шарттар бар. Баткен жана Ысык-Көл облустары салттуу багбанчылык лидерлери катары эсептелет. Чүй облусу кулпунай жана малинаны, Ысык-Көл облусу кара жана кызыл карагатты өндүрүүдө алдыңкы орунда турат. Акыркы жылдары Нарын облусунда да кулпунай жана карагат өстүрүү популярдуу болууда.

Өндүрүлгөн мөмө-жемиштер тоңдурууга ылайыктуу болгондуктан, алардын сактоо мөөнөтү узарып, экспорттук баасы жогорулайт. Чүй облусу тоңдурулган мөмө-жемиштерди өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча лидер болуп саналат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги донорлор менен биргеликте тармакты колдоп, Ош жана Баткенде заманбап тоңдуруучу жабдуулар менен жабдылган соода жана логистикалык борборлорду курууда. Кыргызстандык мөмө-жемиштер негизинен Орусия жана Казакстанга экспорттолот, бирок Европага, Түркияга, араб мамлекеттерине жана Кытай рыногуна да багытталып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 920 орундуу "Акылман" лицейи курулуп жатат

Таласта 920 орундуу "Акылман" лицейи курулуп жатат

Талас шаарында 920 орунга ылайык салынган "Акылман" президенттик лицейинин курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Бүгүн билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаев жумушчу сапарынын алкагында лицейдин курулуш иштери менен жеринен таанышты. Лицей заманбап шарттар менен жабдылган 3 кабаттуу имарат жана жатакана менен курулууда. Аны куруу иштери президенттин

Оштогу П.Арзыкулов көчөсү капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Оштогу П.Арзыкулов көчөсү капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Бүгүн, Ош шаарындагы Курманжан датка жана Алымбек датка көчөлөрүн бириктирген П.Арзыкулов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Жолду шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар ачышты. Арзыкулов көчөсүнүн узундугу 300 метр, туурасы 10 метр болуп, жол эки тилкелүү

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчилери мамлекетке 4 млрд 307 млн сом кайтарышты

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчилери мамлекетке 4 млрд 307 млн сом кайтарышты

УКМК Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповго жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго карата чыгарылган айыптоо өкүмүнө комментарий берди. УКМКнын маалыматына ылайык, аталган адамдар 2024-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча козголгон кылмыш ишинин

Эмгек министрлигинде гендер жана социалдык инклюзия боюнча жолугушуу өттү

Эмгек министрлигинде гендер жана социалдык инклюзия боюнча жолугушуу өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин орун басары Айнура Орозбаева Улуу Британиядан келген чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин гендердик теңчилик жана инклюзия маселелери боюнча кеңешчиси Люси Макдермотт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар гендердик теңчилик,