Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчилери мамлекетке 4 млрд 307 млн сом кайтарышты

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчилери мамлекетке 4 млрд 307 млн сом кайтарышты

УКМК Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповго жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго карата чыгарылган айыптоо өкүмүнө комментарий берди.

УКМКнын маалыматына ылайык, аталган адамдар 2024-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бардык фигуранттар күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды 4 млрд 307 млн сом өлчөмүндө толук кайтарып беришкен.

УКМК белгилегендей, тергөө иштеринин жыйынтыктары 2025-жылы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча планды толук аткарууга өбөлгө түзүп, бюджетке кошумча 40 млрд сомдун түшүшүн камсыздаган.

Иштин башка фигуранттарына карата тергөө улантылууда. Анын жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилет.

Эске салсак, соттун өкүмүнө ылайык, Алтынбек Абдувапов 400 миң сом, Исламбек Кыдыргычов 300 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Ошондой эле экөө тең белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан, класстык наамдарынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media