Таласта 920 орундуу "Акылман" лицейи курулуп жатат

Таласта 920 орундуу "Акылман" лицейи курулуп жатат

Талас шаарында 920 орунга ылайык салынган "Акылман" президенттик лицейинин курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бүгүн билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаев жумушчу сапарынын алкагында лицейдин курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Лицей заманбап шарттар менен жабдылган 3 кабаттуу имарат жана жатакана менен курулууда. Аны куруу иштери президенттин колдоосу жана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын жетекчиси Болот Абилдаевдин демөөрчүлүгү менен жүзөгө ашырылууда.

"Акылман" президенттик лицейин 2026-жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда. Окуу акысыз болуп, Талас облусунун гана эмес, өлкө боюнча бардык окуучуларга билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды