Борбор Азия өлкөлөрү Дүйшөмбүдө соода жол-жоболорун санариптештирүүнү талкуулашты

Борбор Азия өлкөлөрү Дүйшөмбүдө соода жол-жоболорун санариптештирүүнү талкуулашты

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Борбор Азиянын Улуттук комитеттеринин (СЖЖУК) кезектеги 14-аймактык жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) жана GIZ тарабынан «Борбор Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Жыйында Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн министрликтеринин, ведомстволорунун, жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, региондогу соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү багытындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Кыргызстандык делегация өзүнүн тажрыйбасын, жетишкендиктерин жана бизнести реформаларга тартуунун ийгиликтүү мисалдарын сунуштады. Иш-чаранын алкагында санариптештирүү, кагазсыз соода, транспорттук-транзиттик системаларды өркүндөтүү жана электрондук фитосанитардык сертификаттарды (ePhyto) киргизүү боюнча жумушчу топтор талкууларды өткөрдү.

Жыйындын максаты — соода процесстерин эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, аймактык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайда 8 юандык Sileme колдонмосу эң төлөмдүү колдонмого айлана баштады

Кытайда 8 юандык Sileme колдонмосу эң төлөмдүү колдонмого айлана баштады

Кытайда жалгыз адамдар үчүн арналган Sileme аттуу колдонмо популярдуулукка ээ болууда. Колдонмонун аталышы "Сен өлдүңбү?" деп которулат. Бул тууралуу Global Times басылмасы жазды. Колдонмо колдонуучудан күн сайын өз абалын билдирип турууну суранат. Эгер колдонуучу эки күн катары менен активдүүлүк көрсөтпөсө, система анын байланыш адамына электрондук почта аркылуу эскертүү

Мурдагы Салык кызматынын башчысы жана анын орун басары айыпка жыгылды

Мурдагы Салык кызматынын башчысы жана анын орун басары айыпка жыгылды

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов соттун өкүмү менен күнөөлүү деп табылганын Ленин райондук соту билдирди. Сот аларды Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыптуу деп таап, Алтынбек Абдуваповго 400 миң сом, ал эми Исламбек Кыдыргычовго 300 миң

Депутат Болот Ибрагимов  мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Депутат Болот Ибрагимов мас абалында унаа башкаргандарга айып пулду 80 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Укук тартиби боюнча комитети бүгүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун карап чыкты. Документтеги нормалардын бирине ылайык, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн төмөнкү жаза чараларын киргизүү сунушталууда: — айдоочулук күбөлүктөн 2 жылга ажыратуу (азыркы 1 жылдын ордуна) жана 10 суткага камакка алуу (3 сутканын ордуна)

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Айыл чарба министрлиги: Сапатсыз үрөн колдонгондор жеңилдиктерден куру калат

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги фермерлерге жана дыйкандарга бардык айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн сапат сертификаты жана келип чыгышы тастыкталган үрөн жана көчөт колдонуу милдетин киргизүүнү сунуш кылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул чара контрафакттык, сапатсыз жана мыйзамсыз үрөндөрдүн жүгүртүүсүнөн келип чыккан түшүмдүн