Кыргызстан 10 жыл ичинде Дүйнөлүк банктан канча каражат алган?

Кыргызстан 10 жыл ичинде Дүйнөлүк банктан канча каражат алган?

2014-жылдан 2024-жылга чейин  Кыргызстан Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан жана Дүйнөлүк банктан жалпы 1,5 млрд доллар суммасында грант,  жеңилдетилген насыя алганын КРнын Финансы министрлиги билдирди. 

Мунун 594,3 млн доллары грант болсо, а 956,6 млн доллары көп жылдык мөөнөткө берилген жеңилдетилген насыя. Пайыздык катнашта келтирсек алынган каражаттардын 44%ы грант, 56%ы кредит. 

Каржылоо өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү приоритеттүү тармактарды камтыган. Алар:

Инфраструктура жана транспорт ­– каражаттын жалпы көлөмүнүн 20%ы, анын ичинде аймактык жолдорду жакшыртуу жана шаардык өнүктүрүү долбоорлору бар.

Энергетика – САSA-1000, электр тармактарын модернизациялоо менен кайра калыптануучу энергия булактарын өнүктүрүү долбоорлорун кошкондо 18 пайыз.

Айыл чарбасы жана суу менен камсыздоо – ирригация боюнча программалар, суу менен камсыздоо жана агрардык кластерлер боюнча программаларды кошкондо 25%. 

Билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо – “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун, соцжардам системасы менен саламаттык сактоону бекемдөө долбоорлорун кошкондо 20%.

Санариптештирүү жана өзгөчө кырдаалдар тобокелчиликтерин башкаруу – Digital CASA жана жаратылыш кырсыктарына турктуулукту жогорулатуу боюнча демилгелерди кошо алганда 10%. 

 

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Компания халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында