Статком 2019–2025-жылдарга карата чейректик улуттук эсептерди жарыялады

Статком 2019–2025-жылдарга карата чейректик улуттук эсептерди жарыялады

Улуттук статистика комитети 2019-жылдан 2025-жылга чейинки чейректик улуттук эсептерди (ЧУЭ) өндүрүш ыкмасы менен эсептөөнү аяктаганын маалымдады. Бул иштер Эл аралык Валюта Фондунун региондук өнүктүрүү борборунун кеңешчиси тарабынан колдоого алынган.

Чейректик улуттук эсептер экономикадагы учурдагы өзгөрүүлөрдүн кыска мөөнөттөгү так сүрөттөлүшүн берет жана жылдык ИДП көрсөткүчтөрүнө караганда өз убагында жана объективдүү маалымат болуп саналат. ЧУЭ жогорку инфляция жана салыштырмалуу баалардын кескин өзгөрүшү шартында өзгөчө мааниге ээ.

Өндүрүш ыкмасы боюнча чейректик ИДП көрсөткүчтөрү чейрек соңунан 90 күндүн ичинде жарыяланат жана Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында «Динамикалык таблицалар» бөлүмүндө жеткиликтүү: https://www.stat.gov.kg/ru/statistics/nacionalnye-scheta/

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргызалтын" акционерлери таза пайданы бюджетке дивиденд катары бөлүүнү чечти

"Кыргызалтын" акционерлери таза пайданы бюджетке дивиденд катары бөлүүнү чечти

"Кыргызалтын" ААКда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык жалпы акционерлер жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө компаниянын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү боюнча отчет каралып, бюджеттин аткарылышына талдоо жүргүзүлүп, негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө баа берилди. Ошондой эле ишкананын мындан аркы өнүгүү стратегиясы талкууланды. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча "Кыргызалтын" ААКнын кирешеси 20,7 млрд сомду түзүп,

Ош шаарында 735 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош шаарында 735 миң сом алимент өндүрүлдү

Башкы прокуратурага караштуу сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Ош шаардык бөлүмүндө карызкор К.М.га карата аткаруу өндүрүшү жүрүп келген. Ал Ж.Г. аттуу жаранга эки баланы багуу үчүн кирешесинин 1/3 бөлүгүн алимент катары төлөп берүүгө милдеттендирилген. Аткаруу иш-чараларынын жүрүшүндө карызкор өлкө аймагында жок болгондуктан ага издөө жарыяланган. Ага

Бишкекте 15 жылдан кийин  9 кабаттуу үйгө пайдалануу актысы берилди

Бишкекте 15 жылдан кийин 9 кабаттуу үйгө пайдалануу актысы берилди

Кечээ Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов жана Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мирлан Шайымкулов Бишкек шаарындагы Киев көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үйгө пайдаланууга берүү актысын тапшырышты. Бул турак үй 15 жыл мурун "КЭП Строй"

Токтогул районунда 15 миң альбион кулпунайы отургузулуп жатат

Токтогул районунда 15 миң альбион кулпунайы отургузулуп жатат

Токтогул районунда жаңыдан түзүлгөн “Кадикс Шер” кооперативи Калифорния штатынан кулпунайдын Альбион сортунан 15000 даана алып келип тигип жатат. Кооперативге райондун 11 тургуну мүчө болуп, Канатбек Шермамбетов жетекчилик кылат. Аталган кооперативге Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонду тарабынан 4,5 гектар жер бөлүнүп берилди. Кооператив 3000 куб суу бата турган бассейн