ИИМ: Айдарбековго байланыштуу жаңы фактылар ачыкка чыкты

ИИМ: Айдарбековго байланыштуу жаңы фактылар ачыкка чыкты

Мурдагы тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында кошумча мыйзамсыз аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, анын ичинде бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталганы айтылган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Айдарбековдун жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мүлктүк активдерди мыйзамсыз каттоого тиешеси бар экендигин тастыктаган документтер табылган. Атап айтканда, көп кабаттуу турак жай курулушуна үлүштүк катышуу келишимдери боюнча төлөм квитанциялары, эсептешүү актылары жана анын атына катталган үч келишим алынган.

Ал документтерди жасалмалоо жолу менен, кооперативге кийин мүчө болгонуна карабастан, өзүн турак жай-курулуш кооперативинин негиздөөчүсү катары мыйзамсыз каттатканы аныкталган. Натыйжада кооперативге таандык батир жана башка кыймылсыз мүлк мыйзамсыз ээленип, өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилгени белгиленди.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлигине Түркмөнстандын ТИМинен анын мурдагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу вербалдык нота келип түшкөнү маалымдалды. Анда анын контрабанда жана визаларды мыйзамсыз тариздөө фактыларына тиешеси бар экени айтылган. Бул жагдайлардан улам ал дипломатиялык даражаларынан ажыратылган.

Ошондой эле, маалыматтарга ылайык, Чынгыз Айдарбеков мурда Чынгыз Эгембердиев деген фамилия менен белгилүү болгон. Фамилияны өзгөртүү вербалдык нота алынгандан кийин жүргүзүлгөнү айтылды.

Учурда тергөө иштери уланууда. Иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу