ЖККУ алкагында коопсуздук маселелери талкууланды

ЖККУ алкагында коопсуздук маселелери талкууланды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 15-апрелде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү, анын ичинде Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана 2026-жылга пландалган иш-чаралар каралды.

Тараптар аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашып, азыркы жана жаңы пайда болгон чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу окуяларга да токтолушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Адилет Орозбеков ЖККУнун потенциалын жана кадыр-баркын чыңдоого көмөктөшүүгө даяр экенин билдирип, Таалатбек Масадыковду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу