Нурдан Орунтаев: "Кыргызстан курулушчуларынын эмгек акысы Россияныкына теңелди"

Нурдан Орунтаев: "Кыргызстан курулушчуларынын эмгек акысы Россияныкына теңелди"

Кыргызстан курулушчулары Россиядагыдай эле айлык алып жатышканын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн курулуш тармагында бүгүнкү күндө жумушчу күчү жетиштүү. Атайын жүргүзүлгөн саясаттын негизинде башка өлкөлөрдөн да жумушчулар тартылып жатат. Кытай, Индия жана Бангладештен келген жумушчулар көп.

“Эмгек акыга келсек, азыркы тапта курулуш тармагындагы айлык Россиядагыдай деңгээлге жетти. Алсак, Россия Федерациясынан кайтып келген биздин жумушчулар, ошол жактаналган айлык маяналарын бизде деле алып жатышат.  Мигрант өз мекенинде, үй-бүлөсүнүн жанында иштеп, эч кандай коопсуздук коркунучуна кабылбайт. Мындан тышкары, жумушчулардын укуктарын коргоо боюнча атайын тартиптер жана мыйзамдар иштелип чыгып, алардын укуктары мыйзамдуу түрдө корголуп жатат”,-деп белгиледи министр.

Ал Кыргызстан буга чейин жумушчу экспорттогон өлкө болсо, азыр жумушчу күчүн импорттогон мамлекетке айланганын баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен