Кыргызстанга Беларусиядан күйүүчү май келет
Кыргызстанга Беларусиядан белгилүү бир көлөмдө күйүүчү май ташылып келерин “Кабар” агенттигине Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү майдын запасы азайып бара жаткандыктан, бул маселени чечүү боюнча Министрлер кабинети менен жолугушуулар өткөрүлүп, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.
“Учурда биздин бир компания Беларусиядан бир компания менен келишим түздү. Анын негизинде күйүүчү май белгилүү бир көлөмдө ошол мамлекеттен ташылып келмекчи. Мындан тышкары, башка компаниялар да Азербайжан, Түркмөнстан жана Кытай сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатышат”,-деди Эшатов.
Ал ошондой эле акыркы он күндүн ичинде күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен 1,5 сомго кымбаттаганын белгиледи.