Кыргызстанда пенсиялык топтоо каражатын 226 144 адам алды

Кыргызстанда пенсиялык топтоо каражатын 226 144 адам алды

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу каралган:

1.    Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү;

2.    Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда;

3.    Мураскорлорго;

4.    Аскер кызматкерлерине төлөө;

5.    Ипотекалык насыялоого;

6.    Жумушсуздукка;

7.    Оор ооруларды дарылоого

2025-жылдын 1-ноябрына карата бул топтомону Кыргызстандагы 226 144 жаран (5 770,3 млн. сом суммасында) алган. Анын басымдуу бөлүгү пенсия курагына жеткендерге берилген –198 880 адам (3 061,1 млн. сом).

Эске салсак, ар бир жумушчунун эмгек акысынын 10 пайызы Социалдык фондго которулат да, анын 8 пайызы - пенсиялык фондго, ал эми 2 пайызы мамлекеттик пенсиялык топтоолор фондуна которулат.

Мындан тышкары окуңуз

Алдамчылык фактысы жана үй-бүлөөлүк зомбулук менен шектелип, экс депутат кармалды

Алдамчылык фактысы жана үй-бүлөөлүк зомбулук менен шектелип, экс депутат кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы жаран Б.А.Т. алдоо жолу менен ири өлчөмдө акча каражаттарын алып, каражаттарды жеке максаттарына жумшаганы аныкталды. Буга шектүү катары 1966-жылы туулган Б.А.Т. кармалды. Мындан тышкары, ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул

Москвада акыркы 56 жылдан бери эң көп кар жаады

Москвада акыркы 56 жылдан бери эң көп кар жаады

Москва шаарында акыркы 56 жылдагы кардын эң көп жаашы катталды. Россиянын борборунда бир сутканын ичинде айлык жаан-чачын нормасынын 42%ы түшкөнүн "Фобос" аба ырайы борборунун адиси Евгений Тишковец билдирди. Шаарда кар катмарынын бийиктиги 39 сантиметрге жетти. Жааган кар 1976-жылдагы рекордду жаңылады— ал учурда Москвада 12,9 миллиметр жаан-чачын

Бишкектик кызга доллардан жасалган букет белек кылынды

Бишкектик кызга доллардан жасалган букет белек кылынды

Бишкекте кызга доллар купюраларынан жасалган букет белек кылынып, видео соцтармактарда кызуу талкуу жаратууда. Кызга курьер аркылуу жиберилген накталай доллар купюраларынан чогултулган өзгөчө букет белекке берилди. Оригиналдуу белек түшүрүлгөн видео социалдык тармактарда тез эле таратылып, колдонуучулар арасында кызуу талкууга айланды. Видеокадрда кыз белекти кабыл алып, сюрпризге эмоция менен жооп бергенин жана

Туура 69 жылдан соң Герейт-Шорон мектеби жаңыланды

Туура 69 жылдан соң Герейт-Шорон мектеби жаңыланды

Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Герейт-Шорон мектебинин имараты, 1956-жылы курулганына карабастан, быйыл толугу менен кайрадан салынганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады. Учурда окуучулар жаңы мектеп имаратында билим алып жатышат. Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 74 млн сомду түздү. Мектеп 550 окуучуга ылайыкталган, анын