Р.Сабиров: "Дүйнөлүк "ЭКСПО 2025" көргөзмөсүндө Empowering Lives наамында Кыргызстан алтын сыйлык алган"

Р.Сабиров: "Дүйнөлүк "ЭКСПО 2025" көргөзмөсүндө Empowering Lives наамында Кыргызстан алтын сыйлык алган"

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги Кыргызстанды инвестиция, инновация жана эл аралык өнөктөштүк үчүн ачык өлкө катары таанытып жатканын "Кыргыз ЭКСПО 2025" көргөзмөсүнүн ачылышында агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдиргенин “Кабар” агенттиги маалымдады. 

Анын айтымында, жетишкендиктердин арасында Япониянын Осака шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк "ЭКСПО 2025" көргөзмөсүндө Empowering Lives ("Жашоону жакшыртуу") наамында Кыргызстан алтын сыйлык алганын өзгөчө белгилөөгө болот.

"Бул жогорку эл аралык баалоо — Кыргызстан өзүнүн мүмкүнчүлүгүн, маданиятын жана туруктуу өнүгүү идеяларын глобалдык деңгээлде татыктуу көрсөтө аларынын далили. Биз Эр-Риядда "Эртеңки күнгө көз караш" деген ураан астында өтө турган "ЭКСПО-2030" көргөзмөсүнө катышууга даярдыкты баштадык. Бул масштабдуу эл аралык иш-чарада Кыргызстан дүйнөгө ачык, динамикалуу өнүгүп жаткан өлкөнүн жаңы, заманбап жүзүн көрсөтүүнү көздөөдө", - деди Сабиров.

Эскерте кетсек, иш-чаранын башкы максаты - ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, экспортко багытталган компанияларды, ошондой эле чет элдик ишкерлерди жана расмий делегацияларды бириктирүү, өз ара кызматташууну өнүктүрүү үчүн бирдиктүү аянтча түзүү.

Мындан тышкары окуңуз

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

13-апрелде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү тууралуу токтом долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Медер Чотонов билдиргендей, документтин максаты энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

Ишкер айым Мээрим Ош шаарындагы "Келечек" базарын көчүрүү маселесин көзөмөлгө алууну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон суранды. Анын айтымында, сырттан жардам болбосо, "Келечек" базары коррупцияга батып, бул абалдан чыга албай жатат. Ал түшүндүргөндөй, базарды көчүрүү тууралуу сөз болгондо соодагерлер биригип ассоциация түзүшкөн. Бирок азыр бул ассоциациянын башчысы