Баалуу кагаздар рыногу инвестиция тартуунун негизги инструментине айланат

Баалуу кагаздар рыногу инвестиция тартуунун негизги инструментине айланат

Фондулук биржа, баалуу кагаз, дивидент же акция – деген сөздөр сизге таанышпы? Маалымат майданында бир катар финансылык терминдер байма-бай кездешкени менен көпчүлүк жарандар анын маани-маңызын билбегендиктен, табышмак бойдон калып келет. Ушуга байланыштуу “Ишкер медиа” калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында, адистерге даректүү суроо салып, жөнөкөй тилде түшүндүрмө берип турмакчы. Бул жолу Кыргыз Фондулук биржасына кайрылып, аталган мекеменин ишмердүүлүгү жана анын жөнөкөй жарандарга тийгизген таасирин ачыктоого аракет кылдык. Биздин суроолорго Кыргыз Фондулук биржасынын басма сөз катчысы - Аида Мамбеткулова жооп берди.

Фондулук биржа деген эмне? Анын максаты, жөнөкөй жарандар менен байланышы кандай?

Кыргыз фондулук биржасы — бул баалуу кагаздарды (акциялар, облигациялар ж.б.) сатып ала турган электрондук, рыноктогу аянтча. Башкача айтканда, бул — ишканалар менен мамлекет өзүнө каражат тартуу үчүн, ал эми жарандар инвестиция салуу үчүн мүмкүнчүлүк алган платформа.
Анын негизги максаты — ишканаларга жана мамлекетке инвестиция тартуу, капитал рыногун өнүктүрүү жана жарандар үчүн пайдалуу боло турган жаңы финансылык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Жөнөкөй жаранга тийгизген таасири — акчаны жөн гана сактоого эмес, аны жүгүртүп, кошумча киреше алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Фондулук биржанын акционерлери тууралуу маалымат берсеңиз (кантип акционер болуп калышат)?

Азыркы учурда Кыргыз фондулук биржасынын эң ири акционери болуп КРнын Финансы министрлиги саналат, биржанын - 62,17% акциясы мамлекетке таандык. Мындан башка акционерлердин катарында РКӨФР (Республика аралык өнүктүрүү фонду), Стамбул фондулук биржасы, Казакстан фондулук биржасы жана башка өнөктөштөрү бар.
Кыргыз фондулук биржасы жабык акционердик коом болгондуктан, анын акциялары эркин жүгүртүүдө эмес жана жарандар аларды жөнөкөй тартипте сатып ала алышпайт. Акционер болуу маселеси тиешелүү мыйзамдар жана уюштуруучулардын чечимдери менен жөнгө салынат. Ал эми акционер болгондон кийин биржанын ишмердүүлүгүнө катышып, дивиденд алуу жана жалпы жыйындарда добуш берүү укуктарына ээ болот.

Биржа өткөрө турган соода-сатык тууралуу айтсаңыз, ал качан өтөт, кимдер катышат?

Кыргыз фондулук биржасы аркылуу ар кандай баалуу кагаздар боюнча соода-сатык ишмердүүлүгү жүрүп турат. Алар алдын ала белгиленген график боюнча электрондук форматта уюштурулат. Соода-сатык операцияларына лицензиясы бар брокерлер, инвестициялык компаниялар жана банктар катыша алышат. Жөнөкөй жарандар түзмө түз катыша албайт. Бирок, брокердик кызмат аркылуу баалуу кагаздарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалга айтсак, акыркы мезгилдерде МКВ (мамлекеттик кыска мөөнөттүү векселдер) жана МКО (мамлекеттин казыналык облигациялары) боюнча электрондук аукциондор өткөрүлүп жатат.

Кыргыз фондулук биржасынын карамагында канча компаниянын акциялары бар жана анын алдыга койгон пландары кандай?

Бүгүнкү күндө Кыргыз фондулук биржасынын эсебинде 36 компаниянын акциялары жана облигациялары катталган.
2030-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясына ылайык, биржа - баалуу кагаздар рыногун инвестиция тартуунун жана экономикалык өсүштүн негизги инструментине айлантууну максат кылып жатат. Жакынкы жылдары валюталык жана алтын соодаларын, туундулук инструменттерди жана товардык платформаларды ишке киргизүү, IPO (алгачкы ачык жайгаштыруу) өткөрүү үчүн шарт түзүү пландаштырылган. Ошондой эле пенсиялык жана камсыздандыруу фонддорунун катышуусу аркылуу инвесторлордун базасын кеңейтүү каралган.
Бул иш-чаралар өлкөдө заманбап, ачык жана туруктуу финансылык рынокту түзүүгө өбөлгө болот.

Өлкөдө фондулук рыноктун өнүгүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, маалыматтык, укуктук жана инфраструктуралык багыттарда дагы бир топ иш алып баруу зарыл. Кыргыз фондулук биржасы ушул максатта эл аралык тажрыйбаны колдонуп, рынокту өнүктүрүүдө активдүү ролду аткарат.

Мамлекеттик баалуу кагаздар деген эмне? Аны жөнөкөй жаран кайдан алат жана анын кандай пайдасы бар?

Мамлекеттик баалуу кагаздар — бул мамлекет өз муктаждыктары үчүн каражат тартуу максатында чыгара турган облигациялар жана векселдер. Жөнөкөй жаран аларды коммерциялык банктар же брокердик компаниялар аркылуу сатып ала алат.
Бул баалуу кагаздардын негизги артыкчылыгы — коопсуздугу жогору жана туруктуу пайыздык киреше алып келе турган мүмкүнчүлүктөрү бар. Мамлекет кепилдик бергендиктен, бул инструмент башкаларга салыштырмалуу ишенимдүү жана узак мөөнөттүү инвестиция үчүн ылайыктуу.

Жөнөкөй баалуу кагаздар дагы болобу? Эмне үчүн баалуу кагаздар тууралуу маалымат көп ачыкталбайт?

Ооба, Кыргыз фондулук биржасында жеке компаниялардын акциялары жана облигациялары дагы жүгүртүүдө болот. Алар — жөнөкөй баалуу кагаздардын түрлөрү.
Маалыматтын көп ачыкталбаганынын негизги себептери — рыноктун жаңы өнүгүп жаткандыгы менен байланыштуу. Ошондой эле айрым компаниялардын ачык-айрым иштөөсү боюнча маалыматынын жетишсиздиги жана калктын финансылык сабаттуук деңгээлинин жетишсиздигинде болушу мүмкүн.
Анткени менен акыркы жылдары бул багытта олуттуу иштер жүрүп жатат. Мыйзамдарда жана жөнгө салуучу органдардын саясатында - маалыматтардын ачык-айкын болушун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Сиз айтып жаткан финансылык сабаттулукту жогорулатуу үчүн КФБ жарандарга кандай сунуш берет эле?

Кыргыз фондулук биржасы калктын финансылык билиминин деңгээлин жогорулатуу үчүн туруктуу негизде иш жүргүзүп келет. Биздин адистер атайын семинар, окутууларды жана атайын маалыматтык кампанияларды өткөрүп турат. Ал эми сунуш катары кийинки 5 маселеге токтолот элем:

·        Акчаңызды жөн гана сактап отурбастан, аны жүгүртүп, иштетүүнүн жолдорун үйрөнүңүз;
·        Кичинекей сумма менен болсо да инвестицияга салуудан коркпоңуз — тажрыйба алуу маанилүү;
·        Баалуу кагаздар рыногу тууралуу маалыматты расмий булактардан гана алыңыз;
·        Инвестицияны узак мөөнөткө пландаңыз, шашылбай жана ойлонуп чечим кабыл алыңыз;
·        Финансылык сабаттуулук —ийгиликке жетүүнүн ачкычы. Билимди тереңдетүү үчүн издениңиз.

 

Мындан тышкары окуңуз

Урматтуу Ишкер медианын окурмандары!

Урматтуу Ишкер медианын окурмандары!

Сиздерди келе жаткан, жаңы 2026-жылыңыздар менен куттуктайбыз! Өткөн жыл ар бирибиз үчүн турмуштук сабактарга, изденүүлөргө жана маанилүү чечимдерге бай жылдардын бири болду. Ал эми кирип келе жаткан жаңы жылыбыз андан калышпаган, өлкөбүздүн экономикасын бекемдеген, ишкердик чөйрөнү кеңейтип, инвестициялык климатты жакшырткан жылдардан болот, деп ишенебиз. Ар бир ишкердин аракети жыйынтык берип,

“Автобустарды креативдүү кооздоо” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

“Автобустарды креативдүү кооздоо” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

“Бишкек шаардык транспорту” муниципалдык ишканасы жаңы жылдык майрамдарга карата уюштурулган “Автобустарды креативдүү кооздоо” сынагынын жыйынтыгын чыгарганын "Кабар" агенттиги жарыялады. Тандоонун жыйынтыгы менен төмөнкүлөр жеңүүчү аталды: I орун - 8-автоколоннанын №153 маршрутунун айдоочусу Мусаев Жыргалбек жана 6-автоколоннанын №15 маршрутунун айдоочусу Замирбек уулу Майрамбек; II орун - 3-автоколоннанын №42 маршрутунун

Германияда өлкө тарыхында эң ири банк тоноо болду

Германияда өлкө тарыхында эң ири банк тоноо болду

Германиянын батышындагы Гельзенкирхен шаарында Sparkasse банкынын бөлүмү тонолду. DW агенттиги жергиликтүү полицияга таянып билдиргендей, кылмышкерлер банктык сейфтер жайгашкан бөлмө менен ага жанаша турган автоунаа токтотуучу жайдын ортосундагы бетон дубалды тешип киришкен. Полициянын маалыматына ылайык, бир нече миң сейф бузулуп, келтирилген зыян ондогон миллион еврого бааланууда. Күбөлөрдүн айтымында, 28-декабрдын кечинде көп

Шаар башкармалыгы  дем алыш сайын өтүүчү айыл чарба жарманкесине чакырат

Шаар башкармалыгы дем алыш сайын өтүүчү айыл чарба жарманкесине чакырат

2025-жылдын 11-октябрынан тартып, ар бир ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкекте жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана дыйкандар катышкан айыл чарба жарманкелери үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө. Жарманкелердин негизги максаты шаар тургундарын арзан баадагы айыл чарба азыктары менен камсыз кылууга көмөктөшүү, ошондой эле жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана ортомчуларсыз түз сатууну өнүктүрүү. Жарманкелер төмөнкү  даректерде  өткөрүлөт: