Шардари суу сактагычына келүүчү болжолдуу суу көлөмү макулдашылды

Шардари суу сактагычына келүүчү болжолдуу суу көлөмү макулдашылды

Ашхабад шаарында Мамлекеттер аралык координациялык суучарбалык комиссиянын 91-отуруму өткөнүн Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министрлиги жазды. 

Отурумга Түркмөнстандын суу чарба мамлекеттик комитетинин төрагасы Дурды Генджиев, Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов, Өзбекстан суу чарба министри Шавкат Хамраев, Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министринин биринчи орун басары Жамшед Шоди Шоимзода катышты. Байкоочу катары Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчисинин кеңешчиси Эмиль Шадыханов сөз сүйлөгөн. 

Отурум алкагында тараптар 2025-жылдагы сугат мезгилинин жыйынтыгын карашты. Ошондой эле жыйында Нарын-Сырдарыя каскадындагы суу сактагычтардын 2025-2026-жылдардагы сугат мезгилдеринин ортосундагы болжолдуу иш графиги бекитилгени маалым болду. Бул график боюнча Шардари суу сактагычына болжолдуу суу агымы макулдашылды. 
Мындан сырткары, тараптар мамлекет башчыларынын – Аралды сактоо эл аралык фондунун түзүүчүлөрүнүн саммитинде коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат беришкен. МАКСКнын  92-отуруму келерки жылы Тажикстанда болот. 

“Өткөн сугат мезгили оңой эмес климаттык шартта өттү. Бирок, бардык мамлекеттердин өз ара кызматташуулары сугат мезгилин туруктуу өтүшүн камсыз кылды. Биз жана биздин Борбор Азиядагы өнөктөштөр трансчекаралык суу ресурстарын бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен калыс бөлүштүрүүгө багыт алды”,-деп билдирди Казакстан суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов. 

Мындан тышкары окуңуз

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Гулайым Добутованын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Анын даярдаган продукциялары, анын ичинде курма кагы өлкө боюнча сатылууда.

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн түбүнөн жана жээктеринен жалпы узундугу 14 200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына караштуу Туристтик-экологиялык милиция билдирди. Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 38 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары жыйналып, тиешелүү жайларга жеткирилди. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга экологияны

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүү жана альтернативдүү энергия булактарын көбөйтүү боюнча Энергетика министрлигине бир катар тапшырмаларды койгон. Ага ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана энергетикалык дефициттен чыгуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы андан жалпы баасы 3 853 000 сомду түзгөн мал жандыктарын карызга алып кеткенин билдирген. Анын