"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагында жаңы мектеп, бала бакча жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ачылды

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагында жаңы мектеп, бала бакча жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ачылды

Кечээ “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагында мектеп, бала бакча жана үй-бүлөлүк медицина борбору ачылганын Агартуу министрлигинен билдиргенин “Кабар” маалымат агенттиги жазды. 

Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров социалдык объектилердин инфраструктурасы менен таанышып, окуу имаратын, бала бакчаны жана медициналык борборду көрүп чыкты.

Жалпы аянты 10,5 гектарга жакын комплексте 570 окуучуга ылайыкташкан 20 кабинетижана музыкалык блогу менен эки кабаттуу мектеп бар. Ошондой эле 140 орундуу бала бакча жана 40 миңге чейин жашоочуну тейлей турган үй-бүлөлүк медицина борбору жайгашкан. Жакынкы убакта комплекстин аймагында кошумча спорттук аянтча жана воркаут зонасы курулат.

Быйылкы жылдын 10 айында республика боюнча жалпы 118 мектеп менен бала бакчанын курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүтүп, пайдаланууга берилген. Жыл аягына чейин дагы 32 мектептин курулушу менен оңдоп-түзөө иштери аяктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Гулайым Добутованын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Анын даярдаган продукциялары, анын ичинде курма кагы өлкө боюнча сатылууда.

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн түбүнөн жана жээктеринен жалпы узундугу 14 200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына караштуу Туристтик-экологиялык милиция билдирди. Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 38 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары жыйналып, тиешелүү жайларга жеткирилди. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга экологияны

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүү жана альтернативдүү энергия булактарын көбөйтүү боюнча Энергетика министрлигине бир катар тапшырмаларды койгон. Ага ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана энергетикалык дефициттен чыгуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы андан жалпы баасы 3 853 000 сомду түзгөн мал жандыктарын карызга алып кеткенин билдирген. Анын