Быйыл Өзбекстандан Кыргызстанга 107 тонна лимон экспорттолгон

Быйыл Өзбекстандан Кыргызстанга 107 тонна лимон экспорттолгон

Январь-сентябрь айларында Өзбекстан Кыргызстандын базарларына 107 тонна лимон экспорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика комитети жазды.

Маалыматка караганда, быйыл тогуз айда Өзбекстан жалпы 2 миң 282 тонна лимонду сыртка саткан, киреше 3,8 миллион долларды түзгөн.

Эң көп лимон Россия (1 миң 239 тонна) жана Казакстан (930 тонна) рынокторуна жөнөтүлгөн. Кыргызстандын үлүшү – 107 тонна лимон, Бириккен Араб Эмираттарына 2,9 тонна, ал эми башка өлкөлөргө 3,6 тонна жеткирилген.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ жүк ташуу коопсуздугун камсыздоо боюнча ишти күчөттү

ИИМ жүк ташуу коопсуздугун камсыздоо боюнча ишти күчөттү

КРнын ИИМнин Күзөт кызматы өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында ташылып жаткан жүктөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды активдүү жүргүзүүдө. Жүктү ташуу маалында алардын коопсуздугун сактоо – күзөт кызматынын негизги багыттарынын бири. Өзгөчө Ош–Эркеш-Там жолунда жүк уурдоонун жана башка мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тынымсыз иш жүргүзүп, жол коопсуздук эрежелеринин сакталышын

Токмокто 86 жыл мурда салынган эски оорукананын ордуна жаңы имарат курулат

Токмокто 86 жыл мурда салынган эски оорукананын ордуна жаңы имарат курулат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токмок шаарына барып, мэр Алтынбек Эргешов менен биргеликте бир катар курулуш объектилерин карап чыкты. Министрликтин маалыматы боюнча, Токмокто Дунларов көчөсү, 27 дарегиндеги эски оорукананын ордуна жаңы заманбап медициналык имарат курулат. Жугуштуу оорулар бөлүмү 892,4

Шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу фактылары боюнча 86 учур катталды

Шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу фактылары боюнча 86 учур катталды

Учурда республика боюнча шайлоого байланыштуу ар кандай мыйзам бузуу фактылары боюнча 86 учур катталды. Бул тууралуу ИИМнин Тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысы Урмат Баялиев Биринчи радионун “Түз байланыш” уктуруусунда берген маегинде билдирди.  Анын айтымында, учурда тергөө органдарында 86 материал катталып, алар боюнча ар түрдүү мыйзам бузуулар аныкталган. Тергөө кызматкерлери материалдарды ыкчам

Кыргызстанда өнөр жай тармагы 10 айда 595 млрд сомдук продукция чыгарган

Кыргызстанда өнөр жай тармагы 10 айда 595 млрд сомдук продукция чыгарган

2025-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын өнөр жайы 595 млрд сомдук дүң продукция чыгарды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,8%га өстү. Алтын кендерин эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшү 21,03%га көбөйгөн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Өсүш негизинен төмөнкү секторлордо катталды: * Фармацевтика: 2,0 эсеге