Чет өлкөлөрдөн жумуш берүүчү компаниялар 20 млн сом салык төлөшкөн
Кыргызстанда 159 компания жарандарды чет өлкөлөргө чыгып иштөөгө жөнөтөт. Tazabek басылмасы “Ачык бюджет” порталында алар мамлекетке канча салык төлөгөнүн текшерген.
Жыйынтыгында 2025-жылдын 10 айында бул компаниялар өлкө казынасына 20 млн сом которушканы маалым болгон.
migrant.kg порталынын маалыматы боюнча мамлекеттик лицензиясы бар 159 компания дүйнөнүн 32 өлкөсүнөн жумуш сунуштайт.
Агенттиктер тарабынан көбүнчө Түркия, Россия жана Болгарияга жумушка орноштуруу лицензиялары алынган.