Дональд Трамп айрым товарлардын бажы салыгын азайткан жарлыккка кол койду

Дональд Трамп айрым товарлардын бажы салыгын азайткан жарлыккка кол койду

АКШ президенти азык-түлүк бааларын кармоо максатында айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүнө бажы салыгын төмөндөткөн жарлыкка кол койду. Жарлыктагы тизмеге кофе, чай, какао, тамак-аш татымдары, уй эти, помидор, банан, апельсин жана башкалар киргенин  CNN агенттиги жазды. 

Жарлык товарларды бажы салыгынан толук бошотпойт. Мисалы, томат боюнча АКШнын негизги жеткирүүчүсү болгон Мексиканын томаттарынан мурдагыдай 17% бажы салыгы алынат. Бул ставка 30 жылдык соода келишиминин мөөнөтү бүткөндө, 2025-жылдын июль айында күчүнө кирген. 

Белгилей кетсек, баалар Трамп кызматына киришип, бажы салыктарын кигизгенден кийин жана ички сунуштардын жеткиликтүү көлөмдө болбогонунан улам өсүп кеткен. Алсак, АКШга ири кофе жеткирүүчү болгон Бразилия августта 50%дык бажы салыгына туш болуп, а сентябрда америкалык колдонуучулар кофеге мурдагыдан 20%га көп төлөй башташкан.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы