"Кепилдик фондунун" ипотекалык кепилдиги 6 банктан толтурулат

"Кепилдик фондунун" ипотекалык кепилдиги 6 банктан толтурулат

 “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” ЖЧКсы “Келечек” портфелдик кепилдигинин публикалык оферта акцептисинин жаңы кол коюучусу болду. Эми “Кепилдик фондунун” ипотекалык кепилдигин 6 банктан толтурса болот:

  • “Айыл Банк” ААКсы
  •  “Элдик Банк” ААКсы
  • “МБанк” ААКсы
  • “Дос-Кредобанк” ААКсы
  • “КСБ Коомерциялык банкы” ЖЧКсы
  • “Демир Кыргыз Интернешнл банк” ЖЧКсы

Аталган продукт жарандар арасында туруктуу суроо-талапты жараткан. 2015-жылдын 17-ноябрына карата “Келечек” ипотекалык кепилдиги боюнча 61,6 млн сомдон жогору суммага 52 кепилдик берилген. Натыйжада 237,6 млн сомдон ашык ипотекалык каржылоо тартылган. 

Октябрь айында эле 31,5 млн сомго 27 кепилдик катталып, жарандарга 122,3 млн сомго ипотекалык насыя алууга шарт түзгөн. “Келечек” ипоткалык кепилдиги өлкө территориясында эмгек же ишкердик ишмердүүлүк жүргүзгөн кыргыз жарандарына берилет. 

Негизги шарттары: 

12 жылдан кем эмес жүргүзүлгөн эмгек стаж же ишкерлик кылуунун мөөнөтү; 

  • ипоткалык финансылоо суммасы: до 10 000 000 сомов;
  • кепилдик камсыздандыруусунун көлөмү: сатып алуучу кыймылсыз мүлктүн 30%га чейинки баасы
  • комиссия: кепилдик суммасынын 2%ы

 

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен