Кыргызстан 9 айда 86,3 миң тонна эт, эт продукцияларын импорттогон
Кыргызстан 2025-жылдын 9 айында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана үчүнчү мамлекеттерден 86,3 миң тонна эт жана эт азыктарын импорттогону Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин өз ара жана тышкы соода боюнча отчетунда айтылды. Ошону менен бирге эле эт экспорту бул мезгилде 6,2 миң тонна болгон.
Эт импортунун негизги бөлүгү канаттуулар эти – 9 айда 80,9 миң тонна импорттолуп, өлкөдөн кайра сыртка 6 миң тонна тоок эти чыгарылган. Ошондо жалпы эт товарлар импортунун 97%ын канатуулар эти түзгөн.
Ушул мезгилде уй этинин импорту 1,5 миң тонна болсо, экспорт 138,4 тонна болгон. Ички рынокко чочко этин жеткирүү – 861,5 тонна, кой этин киргизүү – 458,1 тонна болгону маалым болду.
Ал эми январь-сентябрь айларында даяр эт продукцияларын киргизүү 2 миң тонна, экспорт – 56,7 тонна болгон. Ошондой эле консерваланган эт импорту – 527,9 тоннаны түзгөн.