Баалардын жана тарифтердин жогорулашы бардык ЕАЭБ өлкөлөрүндө байкалган

Баалардын жана тарифтердин жогорулашы бардык ЕАЭБ өлкөлөрүндө байкалган

Статистика кызматтарынын маалыматына ылайык, 2025-жылы октябрь айында ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө баалары жана тарифтер жогорулаган. Кыргызстанда инфляция көрсөткүчү өткөн айга салыштырмалуу 1,5%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Баанын өсүшүнө негизинен азык-түлүк эмес товарлардын кымбатташы (2,2%) жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин жогорулашы (2,4%) себеп болду.

Экономисттердин айтымында, мындай динамика дүйнөлүк рыноктогу баалардын өзгөрүшү жана ички суроо-талаптын күчөшү менен байланыштуу.

2025-жылдын октябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,5%) Казакстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (11,%га), азык-түлүк эмес товарларга (9,3%га), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (11,0 пайызга) жогорулашы менен шартталган.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк-Түштүк жолуна делген 1 млрд доллардын жарымы сол чөнтөккө кеткен - С.Жапаров

Түндүк-Түштүк жолуна делген 1 млрд доллардын жарымы сол чөнтөккө кеткен - С.Жапаров

Түндүк-Түштүк унаа жолуна алынган 1 млрд доллардын жарымы сол чөнтөккө кеткенин президент Садыр Жапаров журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде билдирди. Садыр Жапаров белгилегендей, 1 млрд доллар акча менен мындай жолдон экини салып коюуга мүмкүн эле. “Бул долбоор боюнча чын-чынына келгенде баягы таш кулай турган, көпүрөлөрдүн туура эмес жерлери, тоонун түптөрүнө

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,