Өлкөдө 40 миң 968 адам расмий жумушсуз деп катталган

Өлкөдө 40 миң 968 адам расмий жумушсуз деп катталган

 Кыргызстанда 40 миң 968 жаран расмий жумушсуз деп катталганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетова “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди. 

Анын айтымында, бул мыйзам чегинде документтери туура болуп,  расмий түрдө катталган жарандар. Ал эми жалпы жумуш издеп кайрылгандардын саны болсо 59 миң 600 адамды түзөт. 

“Расмий түрдө жумушсуз деп турган жарандарыбызга атайын министрлик тарабынан уюштурулган маалымдоо иш-чараларыбыз бар. Мурда ушул расмий түрдө катталган жарандарыбызды эле активдүү иш-чараларга тартып келгенбиз. Учурда жалпы жумуш издеп жаткандарды дагы бул иш-чараларга катыштырып жатабыз. Аларга дагы толук кандуу маалымат берип жатабыз”,-деди ал. 

Мукамбетова белгилегендей, министрликтин аймактарда атайын Иш менен камсыздоо бөлүмдөрү бар. 

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Кырчын капчыгайында жайгашкан "Кырчын" турбазасы мыйзам бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга берилгени аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, мүлктүк комплекс 1997-жылы мыйзам талаптарын одоно бузуу менен менчикке өткөрүлгөн. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн "Кырчын"

Республикада мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иштери башталды

Республикада мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иштери башталды

Республика аймагында мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бекитилген планга ылайык, учурда 3-6 айлык ургаачы торпоктор бруцеллезге каршы эмделүүдө. Ошондой эле бодо малдан кан алынып, бул илдетке карата текшерүү жүргүзүлүп жатат. Үй жаныбарларын коргоо максатында

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

Айбек Джунушалиев 16-мартта "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушуу өткөрүп, "Дордой" базарынын аймагын көрктөндүрүү маселесин талкуулады. Айрыкча базардын жанындагы көлгө жана анын айланасына өзгөчө көңүл бурулганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мэрдин айтымында, шаар бийлиги бизнести өнүктүрүүнү колдойт, бирок ал системалуу түрдө жана

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап, унциясы 5000 доллардан төмөн сатылып жатканын Интерфакс кабарлады. Маалыматка ылайык, алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөп жатат.  Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү. Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%