Дарыларды онлайн издеп, текшере турган "Дары-дармек" колдонмосу иштелип чыкты

Дарыларды онлайн издеп, текшере турган "Дары-дармек" колдонмосу иштелип чыкты

“Биринчи радио” эфиринен Дарылоо каражатары жана медициналык буюмдар департаментинин маалыматтык жана техникалык колдоо  бөлүмүнүн башчысы Нурадин Канатаев өлкөгө киргизилген дарыларды издөөгө, аларды текшерүүгө ыңгайлуу “Дары-дармек” колдонмосу иштелип чыкканын билдирди. 

Анын айтымында, колдонмо жарандардын үйдө отуруп эле 100 сомдон жогорку дарыларды издөөсүнө жана аларды текшерүүсүнө шарт түзөт. Бирок, колдонмо мамлекеттик “Кыргызфармация” мекемеси ооруканалар үчүн сатып ала турган дарыларды көрсөтпөйт. 

Колдонмонун негизги мүмкүнчүлүктөрү: 

Дарыларды издөө. Реалдуу убакыт режиминде кайсыл жакын аптекада керектүү препарат бар экенин билүүгө болот. 

Дарынын жасалма эмес экенин текшерүү. Колдонмо дарынын сертификатына жараша анын сапатын аныктоого жардам берет. 

Бааларга байкоо жүргүзүү. Дарынын маанилүү препараттар тизмесине кирген кирбегенин текшерип, мамлекет тарабынан бекитилген баасын көрүүгө болот. 

Жеңилдетилген программалар. Дарыларды сатып алууда кандайдыр бир компенсация же мамлекеттик колдоонун башка чаралары киргизилген, киргизилбегенин билүүгө болот. 

Даттанууларды берүү. Эгер жөнгө салынган препаратты мамлекет бекиткен баадан жогору сатып жатышса даттанууну чек менен кошо жөнөтүүгө болот. Арыз автоматтык түрдө ыйгарым укуктуу органга түшөт.

Тескери таасирлер тууралуу маалыматтар. Колдонмо оперативдүү аракет кылуу үчүн адистерди дарынын тескери таасирлери жөнүндө тез кабардар кылат.  

Мындан сырткары, колдонмодо медицинада жана фармацевтикада кездешүүчү терминдер сөздүгү жана көзү азиздер үчүн үн ассистенти бар. Аталган колдонмого келечекте дарыларды кайсыл убакта колдонуу керектигин эскерткен функция кошуп, аптекалар тармагын кеңейтүү планы бар. 

Н. Канатаевдин билдиришинче, колдонмодо дарыны андан жогору сатууга болбой турган чекене баа көрсөтүлгөн. 

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк-Түштүк жолуна делген 1 млрд доллардын жарымы сол чөнтөккө кеткен - С.Жапаров

Түндүк-Түштүк жолуна делген 1 млрд доллардын жарымы сол чөнтөккө кеткен - С.Жапаров

Түндүк-Түштүк унаа жолуна алынган 1 млрд доллардын жарымы сол чөнтөккө кеткенин президент Садыр Жапаров журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде билдирди. Садыр Жапаров белгилегендей, 1 млрд доллар акча менен мындай жолдон экини салып коюуга мүмкүн эле. “Бул долбоор боюнча чын-чынына келгенде баягы таш кулай турган, көпүрөлөрдүн туура эмес жерлери, тоонун түптөрүнө

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Кара-Суу районуна 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылганын райондун акими Чыңгыз Бапаев президент Садыр Жапаровго өнүгүү пландары жөнүндө маалымат берип жатып билдирди.  Акимдин айтымында, быйыл райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда.  Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун тургундары жана активдери менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал Ош облусунда инфраструктуралык долбоорлор активдүү ишке ашырылып, бюджеттик каржылоо көбөйүп

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкекте курулуш объектилерине кезектеги рейд жүргүзүлдү

Бишкек шаарында курулуш объектилерин текшерүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлүп, бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде өткөн пландуу текшерүүнүн алкагында борбор калаадагы бир нече курулуш объектилери каралып, техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганы белгиленди. Атап айтканда,