Кумтөрдүн 10 айдагы кирешеси 80 млрд сомго жетти

Кумтөрдүн 10 айдагы кирешеси 80 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн жалпы кирешеси план боюнча 55 млрд 127 млн сом болсо, иш жүзүндө 80 млрд сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын отчеттук маалыматында айтылат.

Ал эми 10 айдагы ишкананын таза кирешеси план боюнча 13 млрд 373 млн сом болсо, иш жүзүндө 36 млрд 900 млн сомго жетти.

Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү план боюнча 14 млрд 43 млн сом болсо, иш жүзүндө 16 млрд 272 млн сомго жетти.  

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 2025-жылы дивиденд түрүндө 12 млрд 900 млн сом төлөө пландалса, иш жүзүндө 13 млрд 49 млн сом которулду. 

Мындан тышкары окуңуз

Таш-Көмүрдө 35 млн сомго  күрөш залы курулуп жатат

Таш-Көмүрдө 35 млн сомго күрөш залы курулуп жатат

Таш-Көмүр шаарында 35 миллион сом каражатка жаңы заманбап күрөш залынын курулушу уланууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып жатат. Курулуш, архиктектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, башкы долбоорго ылайык, спорт комплекси эки блоктон турат. Имаратта эл аралык талаптарга жооп берген күрөш жана бокс залдары,

Ишкерлерге жардам берүүчү “Кыргыз Экспорт” ыкчам штабы иштей баштады

Ишкерлерге жардам берүүчү “Кыргыз Экспорт” ыкчам штабы иштей баштады

Экономика жана коммерция министрлигинде ишкерлердин кайрылууларына тез жооп берүү жана тигүү-текстиль тармагынын өкүлдөрүнө комплекстүү консультациялык колдоо көрсөтүү максатында “Кыргыз Экспорт” борборунун ыкчам штабы иштей баштады. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты. Ыкчам штаб министрликтин имаратынын биринчи кабатында жайгашып, күн сайын, дем алышсыз саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт. Ишкерлер бул жерден

Ош облусуна JICAнын колдоосу менен жаңы долбоорлор ишке киргизилет

Ош облусуна JICAнын колдоосу менен жаңы долбоорлор ишке киргизилет

Бүгүн Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолукту. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда JICAнын Ош облусунда ишке ашырып жаткан "Спутниктик маалыматтар жана химиялык заттардын регионалдык ташылышын моделдөө" долбоорунун алкагында абанын сапатын

Кыргызстан 2030-жылга чейин ИДПны 4 500 долларга жеткирүүнү пландап жатат

Кыргызстан 2030-жылга чейин ИДПны 4 500 долларга жеткирүүнү пландап жатат

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтыгынын (БАРЭК) бизнес-форумунун экинчи күнүндө экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Министрдин айтымында, акыркы үч жылда Кыргызстан экономикасы орточо жылдык 9% өсүш менен туруктуу өнүгүү жолуна