Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин ишинде олутуу көйгөйлөр аныкталды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин ишинде олутуу көйгөйлөр аныкталды

Бүгүн Эсептөө палатасынын Кеңеши кезектеги отурумун өткөрүп, анда Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана бюджеттин аткарылышынын шайкештик аудитинин жыйынтыктары каралды.

Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, аудит 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтыды. Анын жыйынтыгы боюнча, ченемдик талаптарга жана финансы тартибине шайкеш келбеген иш-аракеттердин жалпы суммасы 948,4 млн сомду түзгөнү аныкталды. Анын ичинен 32,2 млн сом финансы мыйзам бузуулары катары катталса, 2 млн сомго жакын каражат аудиттин жүрүшүндө кайра калыбына келтирилди. Текшерүүдө дивиденддер боюнча 37,4 млн сом карыз топтолуп калып, алардын ичинде 27,3 млн сом айып пул катары эсептелгени белгилүү болду.

Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тармагында дагы олуттуу көйгөйлөр аныкталган: жалпысынан 33,9 млн сом финансылык мыйзам бузуулар аныкталган, 28,7  млн сом каражат бюджетке түшпөй калган.

Аудит учурунда ижара мамилелериндеги айрым материалдар укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жиберилди. Аудиттин толук корутундусу Эсептөө палатасынын расмий сайтында жарыяланат.

Мындан тышкары окуңуз

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

“Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылды

Россияда белгилүү жазуучу Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романынын биринчи басылышы 1,6 млн рублга сатылганын "Известия" басылимасы билдирди.  Анда белгиленгендей, китептин баштапкы баасы 300 миң рубль деп белгиленген. Лот алты томдон турган китептер топтому болгон. Китептердин мукабасында аз гана эскирүү белгилери бар экени айтылат.  Атактуу роман алгач

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

Эки айда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сом болду

2026-жылдын январь–февраль айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 17,8 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь–февраль айларына салыштырмалуу 8,4%га көп экенин Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, инвестициялардын жалпы көлөмүнүн өсүшү негизинен ички каржылоо булактарынын 11,5%га көбөйүшүнүн эсебинен

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө 39 млрд сом талап кылынат

Бишкектин жаңы аймактарын өнүктүрүүгө болжол менен 39 млрд сом талап кылынарын борбор калаанын мэринин орун басары Азамат Кадыров "Ишеним" жана "Ала-Тоо" депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди. Депутат Жумабек Салымбеков административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калааны өнүктүрүүгө канча каражат керектиги боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн-жүргүзүлбөгөнүнө кызыкты. Азамат Кадыров мындай эсептөөлөр