Кыргыз фондулук биржасы акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт

Кыргыз фондулук биржасы акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт

Кыргыз фондулук биржасы өзүнүн сервистик спектрин кеңейтип, өзүнүн аянтында акча каражаттарын коммерциялык банктар менен микрофинансылык компаниялардын депозиттерине жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөрүн КФБнын маалымат кызматы билдирди

Баса белгилегендей, КФБ мындай аукциондорду өткөрүүдө ийгиликтүү тажрыйбага ээ. 

“Алсак, Финансы министрлиги биржанын электрондук платформасы аркылуу банктарда 24 млрд сом жайгаштырган. Тооруктар 12 айдан 36 айга чейин 3 лот менен өткөрүлүп, аларга 12 коммерциялык банк катышты. Аукциондордун демилгечиси өзү пайыздык чендерди аныктап, эң пайдалуу шарттарды сунуштаган банкты тандайт. Тооруктардын мындай түрү – каражаттарды тез жайгаштыруунун жана депозиттерди пайдалуу чендер менен тартуунун эффективдүү инструменти”,-дейт КФБнын директорунун милдетин аткаруучу Аида Чодулова. 

Баса белгиленгендей аукционго Улуттук банктан алынган лицензиясы бар, эки жыл бою чыгашасыз ишмердүүлүк кылган, тышкы аудит бүтүмүн алган, мөөнөтү өтүп кеткен салыктык карызы жана башка милдеттемелери  жок уюмдар катыша алышат.  

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу

Ошто 4 муниципалдык ишкана күрөөгө коюлган

Ошто 4 муниципалдык ишкана күрөөгө коюлган

Ош шаарындагы төрт муниципалдык ишкана Финансы министрлигине күрөөгө коюлганын түштүк борбордун мэриясынын басма сөз катчысы Жылдызбек Болотбеков билдирди. Анын айтымында, күрөөгө коюлган мүлктөрдүн тизмесине төмөнкү ишканалар кирген: * шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу комбинаты; * Ош муниципалдык автотранспорт ишканасы; * Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасы; * Ош автовокзалы муниципалдык ишканасы. "Өткөн жылы  Финансы