"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу унаалардын кезеги 25 чакырымга чейин жетип, жол инфраструктурасына жана Чатыр-Көл аймагынын экологиясына терс таасирин тийгизип келген. Эми унаалар "Кара-Булак" күтүү аймагында токтоп, электрондук тизмеге ылайык этап-этабы менен чек арага жөнөтүлөт. Бул система жүк ташуучуларга өткөрүү тартибин алдын ала пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кылбек Мукашов инспекциялык-тыкыр кароо комплексинин курулушу жана административдик имараттарды реконструкциялоо иштерин да көрүп чыкты. Ошондой эле айдоочулар жана бизнес өкүлдөрү үчүн заманбап күтүү залы ачылды.

Белгилей кетсек, долбоор Министрлер Кабинетинин токтомуна жана Бажы кызматынын 2026-2030-жылдарга карата өнүгүү концепциясына ылайык ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media