Манас шаарында желим түтүк чыгаруучу завод ачылды

Манас шаарында желим түтүк чыгаруучу завод ачылды

Манас шаарында таштандыны иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу заводдун базасында желим түтүктөрдү өндүрүүчү жаңы цех ачылганын шаардык мэрия кабарлады.

Цехтин ачылыш аземине Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, цехтин ишименен таанышты. Ал таштандыны кайра иштетүүчү заводдун базасында мындан башка да өндүрүштүк цехтерди уюштуруу боюнча тапшырмаларды берди. 

Учурда аталган цехте 15-диаметрден 110-диаметрге чейинки желим түтүктөр өндүрүлүп жатат. Цех күн сайын 2000 метрге чейин түтүк чыгара алат.

 Манас шаарындагы таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод 2023-жылы республикалык бюджетин каражатынын эсебинен 133 млн сомго курулган. 

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 53,9 чакырым тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 53,9 чакырым тор чыгарылды

2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 53,9 чакырымды түзгөн 539 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана 1,44 тонна таштанды чыгарылды.Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштери президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында

Ишкер Media
Ош - Кара-Суу унаажолу 4 тилкелүү болуп кеңейтилүүдө

Ош - Кара-Суу унаажолу 4 тилкелүү болуп кеңейтилүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош – Кара-Суу унаажолун кеңейтүү жана жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Маалыматка караганда, жалпы узундугу 18 чакырым 690 метр болгон жол тилкеси толугу менен жаңыланып, төрт тилкелүү болот. Ал эми жолдун туурасы 22 метрге чейин кеңейтилет. Унаажол эл аралык маанидеги транспорттук каттамдардын бири болуп саналат. Ошондуктан

Ишкер Media
Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында №69 кесиптик лицейине барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министр анда окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укту. Ошондой эле эмгек акыны жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу

Ишкер Media
Чаткал районунда 146 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскады курулууда

Чаткал районунда 146 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскады курулууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жалпы кубаттуулугу 146 мегаватт болгон Чаткал ГЭСтер каскадынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, долбоор өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана райондун гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга багытталган. Ошондой эле ГЭСтер каскадынын курулушу жаңы

Ишкер Media