Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 53,9 чакырым тор чыгарылды
2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 53,9 чакырымды түзгөн 539 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана 1,44 тонна таштанды чыгарылды.Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштери президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Аталган иштер көлдүн экологиясын сактоого, суу биоресурстарын коргоого жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алууга багытталган.
Министрлик жарандарды көлгө таштанды таштабоого жана жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды.