Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Жалал-Абаддагы лицейдин иши менен таанышты

Агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында №69 кесиптик лицейине барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр анда окуу жайдын инженердик-педагогикалык кызматкерлери жана окуучулары менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укту.

Ошондой эле эмгек акыны жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу маселелерине токтолду.

Мындан тышкары, министр лицейдин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорунун алкагында ашканада жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшүн көрдү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалымдалгандай, Ала-Бука районунда аталган жылдары 29 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалып, 66 чакырымдан ашык жол асфальтталды. Ошондой эле

Ишкер Media
Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы насыяларды аралыктан тейлөө каналдары аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөө жол-жоболорун өркүндөтүүнү жана күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү видео аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банктын коомдук талкууга чыгарган токтом долбоорунда камтылган. Документке ылайык, насыя алуучуларга банкка барбастан, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу насыясын мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгүн

Ишкер Media
Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырды. Мекеменин маалыматына ылайык, анда өлкөнүн инвестиция тартуудагы артыкчылыктуу багыттары, Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү баяндалды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын банк секторуна, эл аралык эсептешүүлөргө, ошондой эле

Ишкер Media
"Ош базары" 2027-жылы көчүрүлөт

"Ош базары" 2027-жылы көчүрүлөт

"Ош базары" 2027-жылдын март-апрель айларында көчүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы эл менен болгон жолугушуулардын биринде айтты. Анда өлкө башчы базарды мамлекет өзү куруп жатканын билдирди. "2021-жылы эле Бишкектеги жана Кара-Суу базарларынын ээлерин чогултуп айттым эле. Отуз жылда ушул жерден

Ишкер Media