ЕАЭБ азык-түлүк менен өзүн-өзү 92%га камсыздай алат

ЕАЭБ азык-түлүк менен өзүн-өзү 92%га камсыздай алат

Кечээ Москва шаарында өткөн “Ветеринардык коопсуздук” аттуу эл аралык форумда азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелер талкууланганын Евразиялык экономикалык комитети билдирди.

Андан сырткары форумда эпизоотикалык жыргалчылыкты сактоо, малдын кооптуу ооруларына каршы күрөшүү, ветеринардык дары-дармектер рыногун өнүктүрүү жана Евразия мейкиндигинде инновациялык технологияларды киргизүү маселелери каралды.

Форумда ЕЭКтин Өнөр жай жана агроөнор жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян азык-түлүк коопсуздугу — ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. 

Анын айтымында, ЕАЭБ түзүлгөндөн бери айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 25%га өстү, азык-түлүк боюнча өзүн-өзү камсыздоо 92%га жетти, ал эми биримдик ичиндеги өз ара соода 70%га көбөйгөн. 
Эгер 2014-жылы тышкы соода дефицити 24 млрд долларды түзсө, 2021-жылдан тарта ЕАЭБ олуттуу экспортёр болуп калды. Бүгүнкү күндө агрардык продукциянын экспорту 40 млрд доллардан ашты.

Форумдун ишине ЕЭКтин санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар боюнча департаментинин өкүлдөрү да катышкан. 

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү