Кайсыл тармактарда  “алсыз айымдар” күчтүү: Улуттук статистика комитетинин изилдөөсү

Кайсыл тармактарда  “алсыз айымдар” күчтүү: Улуттук статистика комитетинин изилдөөсү

2024-жылы Кыргызстан экономикасындагы жумушчу күчүнүн 39,1%ын аялдар түзгөн. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу аз, бирок туруктуу өсүштү көрсөтөт. Соңку 5 жылдагы расмий статистика тармактар боюнча бир топ айырмачылыктарды көрсөткөн — айрым тармактарда аялдар дээрлик толугу менен үстөмдүк кылса, башка тармактарда алардын катышы өтө төмөн.

Изилдөөдө аялдардын басымдуу бөлүгү билим берүүдө(77,5%), саламаттык сактоо тармагында(78,6%) экени көрсөтүлгөн. Бул багыттар акыркы 5 жылдан бери аялдарды жумуш менен камсыздоонун негизги чөйрөсү катары калып келет. 

Мындан тышкары бул тармактарда аялдар басымдуулук кылат:

  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик — 55,6%,
  • искусство, көңүл ачуу жана эс алуу — 45,6%,
  • башка кызмат көрсөтүү кызматтары — 60,3%,
  • кыймылсыз мүлк боюнча операциялар — 100% (мында эркектер изилдөөгө кирбеген, андыктан эркектер жок деген мааниде эмес).

Аялдар кайсыл тармактарда аз?

  • курулуш — 1%,
  • транспорт жана жүк сактоо — 4,6%,
  • пайдалуу кендерди казып алуу — 7,8%.

Бул тармактар “эркектердики” деп эсептелген тармактар болгондуктан аялдардын катышы мындан да төмөн болуп калышы ыктымал. 

Өнөр жай жана соода тармагында аялдардын активдүүлүгү:

Өнөр жайда аялдардын катышы 2020-жылы 42,6%дан 2024-жылы 46,1%га өскөн. Бул алардын тармакка катышынын жогорулаганын көрсөтөт.

Соода тармагында аялдардын үлүшү стабилдүү — жыл сайын 37–40%дын ортосунда.

Кызмат көрсөтүү сектору:

Мейманкана бизнесинде аялдардын үлүшү 51,3%ды түзүп, бул тармакта аялдардын көп экенин көрсөтөт.

Маалымат жана байланыш тармагында аялдардын катышы 2023-жылы 30,9%га төмөндөгөндөн кийин, 2024-жылы 35,1%га өскөн.

Жыйынтык: 2020–2024-жылдары алынган маалыматтар Кыргызстанда аялдардын жумушка орношуу деңгээли акырындык менен өсүп жатканын, бирок “салттуу аялдык” жана “салттуу эркектик” тармактардагы айырмачылыктар сакталганын көрсөтөт. Билим берүү, медицина жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу тармактарда аялдар негизги жумушчу күчүн түзүп, өнөр жай жана айрым кызмат көрсөтүү секторлорунда гендердик тең салмактуулук акырындык менен жакшырган.

Мындан тышкары окуңуз

"Келечек" борборунда 3 жылда 1800дөн ашык бала реабилитациядан өттү

"Келечек" борборунда 3 жылда 1800дөн ашык бала реабилитациядан өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Келечек" реабилитациялык борборунда 2023-2026-жылдары 1869 майыптуулугу бар бала реабилитациялык кызматтарды алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 2026-жылдын биринчи кварталында 174 бала реабилитация курсунан өттү. Алардын 71и кыз, 103ү эркек балдар. Борбордун кызматтарын алган балдардын көбү Бишкек шаарынан — 91 бала. Калгандары Чүй облусунан

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө 3 млн даана балыктын чабагы коё берилди

Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан май-канат (сиг-лудога) балыгынын чабактары Ысык-Көлгө коё берилди. Айыл чарбанын маалыматына ылайык, иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун адистери, райондук ветеринардык кызмат жана жергиликтүү тургундар катышты. Жалпысынан 3 миллион даана балык чабагы көлдү балыктандыруу

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда акыркы жылдары шоколад плиткаларынын салмагы байкаларлык азайып, мурунку 100 граммдын ордуна 75–80 грамм болуп калды. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасынын талдоосунда маалымдалат. Билдирүүгө караганда, азыр дүкөндөрдөгү көптөгөн азыктар так салмакта эмес — май, сүт азыктары, кондитердик товарлар сыяктуу эле шоколад да акырындап “кичирейип” барат. Сыртынан кадимкидей көрүнгөнү менен, салмагы

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Ноокатта каналдарды жаңылоого 20,5 млн сом жумшалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Ноокат районундагы Грейд-Шарон жана Федоров каналдарына жаңы технология менен бетон полотно орнотулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы 1700 метр аралыкка бетон полотно төшөлүп, бул иштерге 20 млн 500 миң сом каражат каралган. Долбоорду райондук суу чарба башкармалыгы ишке ашырууда.