Кыргызстан блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча эл аралык форумда тажрыйба бөлүштү

Кыргызстан блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча эл аралык форумда тажрыйба бөлүштү

Женева шаарындагы Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов 24-28-ноябрында Сенегалдын Дакар шаарында өткөн СЕФАКТ ООН (ЕЭК ООН Соода жана электрондук бизнес процедураларын жөнөкөйлөтүү борбору) 44-Форумуна катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Форумдун алкагында Нурбек Максутов “Кыргыз Республикасынын блокчейн жаатындагы келечеги: санариптик трансформациядагы жаңычылдык” темасында панелдик сессияда сөз сүйлөп, эл аралык саясий диалогго катышты. Ал Кыргызстандын блокчейн технологияларын улуттук санариптик трансформациянын бир бөлүгү катары активдүү өнүктүрүп жатканын белгилеп, негизги инфраструктуралык элементтерди санап өттү: "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзам (2022), Блокчейнди өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш (2025), санарип сомду киргизүү жана мамлекеттик блокчейн платформасын түзүү пландары.

Максутов ошондой эле адам ресурстарын жана коопсуздукту өнүктүрүү, университеттерде жаңы билим берүү программаларын киргизүү, мамлекеттик органдарда лицензиялоо жана көзөмөл системаларын бекемдөө боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. Блокчейн сооданы жөнөкөйлөтүү, кагаз документооборотун азайтуу жана логистикалык процесстерде ачыктыкты жогорулатуу үчүн негизги инструмент катары каралууда.

Саясий диалогдун алкагында ал СЕФАКТ ООНдун вице-председаты катары транзиттик коридорлорду санариптештирүү жана туруктуу сооданы күчөтүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Сурамжылоонун алдын ала натыйжалары өлкөлөргө саясатты гармонизациялоо, инфраструктураны модернизациялоо, стандарттар пакетин киргизүү жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу зарыл экенин көрсөттү.

Кыргызстан эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жана ишенимдүү санариптик экосистеманы түзүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (БШИИБ) ыкчам кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыктардын сериясына шектүү жаранды кармашканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 15-январында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү арыз менен кайрылган. Ал жаран А. А.га карата чара көрүүнү суранган. Арызда

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында өнүгүп икеле жаткан өлкөлөлөрдө аналитиктер туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттары боюнча өнөктөштүктү жана кызматташууну өнүктүрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешкени айтылат. Аналитиктер Борбор Азиядагы Арал деңизинин бассейни эки негизги көйгөйгө – суу жана энергетика инфраструктурасына инвестициялардын жетишсиздиги жана натыйжалуу регионалдык кызматташуунун жоктугуна туш болгонун баса белгилешкен. Бул факторлор региондо

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Финансылык рынокту көзөмөлдөө, тескөө жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйөркул Ашимжан уулу радионун түз эфиринде ломбарддардагы насыялар боюнча жаңы пайыздык чендер тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2018-жылдан тарта киргизилген ишкерлерди текшерүүгө мораторий чакан жана орто бизнести, анын ичинде ломбарддарды колдоо максатында кабыл алынган. Ошол эле учурда, мораторий күчүндө турган

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолу” долбооруна кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бишкек шаарында “Батыш айланма жолу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна байланыштуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Документке Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы,