Келерки жылы Оштогу Жаңы Маале айылы реновация болот

Келерки жылы Оштогу Жаңы Маале айылы реновация болот

Аймактык реформанын негизинде Ош шаарына кошулган Жаңы-Маале айылындагы эски тамдар бузулуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын мэр Жеңишбек Токторбаев кечээ аталган айылдын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Ош шаарынын мэриясы Жаңы-Маала айылын реновациялоону пландаштырууда. Жолугушууда шаар мэри жергиликтүү тургундарга аталган долбоор тууралуу маалымат берди.

Келерки жылдан баштап конуштагы бардык эски турак жайларды бузуп алып салып, ордуна жаңы көп кабаттуу жана жер үйлөр, мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, мечит жана сквер курулат.

Мэр өз сөзүндө биринчи кезекте 12 жылдык мектептин курулушу башталарын, орду даяр экенин белгилеп өттү. Конушта төрт жылдык мектеп менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан башка социалдык объект жок. Көпчүлүгү эскилиги жеткен үйлөрдө, инфраструктуралык оор шартта күн кечирип келет",-деп жазылган мэрия тараткан маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда күйүүчү май 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн – Канат Эшатов

Кыргызстанда күйүүчү май 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн – Канат Эшатов

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов "Кабар" агенттигине билдирди. Анын айтымында, Россияда күйүүчү майдын дүң баасында өзгөрүүлөр болду. Анда заводдордо баалар 19%га чейин кымбаттады. Эми компаниялар ошол баа менен майды ташып келип сатса, литри 2,5-3 сомго

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому