Кыргызстан Кытай менен жаңы экспорттук келишимдерди макулдашууда

Кыргызстан Кытай менен жаңы экспорттук келишимдерди макулдашууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн Кытай Эл Республикасынын (КЭР) рыногуна экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштер активдүү жүрүп жатканын билдирди.

Кыргызстан ветеринардык-санитардык талаптар жана инспекциялык көзөмөл тартиби боюнча беш жаңы экспорттук протоколду даярдоо жана макулдашуу процессин баштады. Бул документтерге кол коюлушу менен кыргыз айыл чарба продукциялары Кытайдын кошумча рынок сегменттерине чыгарылат.

Жаңы протоколдор төмөнкү товар түрлөрүн камтыйт:

  • термикалык иштетилген уй эти жана азыктык ички органдары;
  • термикалык иштетилген майда мүйүздүү малдын эти жана ички органдары;
  • муздатылган жылкы эти жана жылкынын ички органдары;
  • жылкынын терилери;
  • жылкы тукумундагы тирүү мал.
Министрлик бул беш протоколдун кабыл алынышы Кыргызстандын экспорттук потенциалын кеңейтип, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатаарын белгиледи. Учурда Кыргызстан Кытайга 32ден ашуун айыл чарба жана азык-түлүк товарларын экспорттоого уруксат алган. Бул тизмектин кеңейиши кытайлык көзөмөл органдарынын ишенимин арттырышы менен бирге, кыргыз продукциясынын эл аралык сапат жана коопсуздук талаптарына жооп берерин көрсөтөт.

Ошондой эле министрлик экспорттоочуларды колдоо иштерин улантып, ишканаларды кытай инспекцияларына даярдоо, консультациялык жардам көрсөтүү жана жаңы товарларды Кытай рыногуна чыгарууга көмөктөшүү боюнча чараларды көрүп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкекте коомдук тартипти камсыздоо күчөтүлдү

Бишкек шаарынын ИИББгы дем алыш күндөрү жарандардын коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнан кабарлашты. билдирүүгө караганда, өзгөчө көңүл укук бузуулардын алдын алууга, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтарууга, ошондой эле кыраакылыкты жогорулатууга бурулмакчы. Ага ылайык, сейил бактарда жана адамдар көп чогулган жайларда кызмат өтөөгө өзгөчө көңүл

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү