Быйыл 13 333 жакыр үй-бүлө 150 миң сомдук социалдык келишим төлөмүн алышты

Быйыл 13 333 жакыр үй-бүлө 150 миң сомдук социалдык келишим төлөмүн алышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей Президент Садыр Жапаровдун колдоосунун аркасында, 2025-жылдын мартынан тартып, социалдык келишимдин суммасы 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Төлөмдөр көтөрүлгөндөн кийин, программага кошумча 10 миң 185 үй-бүлө кошулган.  

Катышуучулардын 70%дан ашыгы каражатты айыл чарбасын өнүктүрүүгө, өндүрүшкө, соодага жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө жумшаган.

2025-жылы 13 миң 333 жакыр үй-бүлө 150 миң сом өлчөмүндөгү социалдык келишимди ала алышты. 2025-жылдын 1-октябрына карата республика боюнча 10 миң 185 социалдык келишим түзүлгөн.

Эске салсак, 2024-жылдан баштап социалдык келишимдин ийгиликтүү катышуучулары үчүн кошумча колдоо чарасы — үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейинки пайызсыз насыя берүү киргизилген. Насыялар “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” мамлекеттик банктары аркылуу берилет.

Насыя ишкердиктин бардык түрү боюнча берилет, ошол эле учурда жеңилдетилген мезгил каралган: алгачкы үч айда төлөө талап кылынбайт. Мамлекет кошумча түрдө банктык чыгымдардын 4%ын жабат. Ушул жылдын 2-сентябрына карата 680 жаран бул колдоо чарасын колдонгон. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги муниципалдык ишканаларга 38 даана жаңы атайын техника берилди

Бишкектеги муниципалдык ишканаларга 38 даана жаңы атайын техника берилди

14-мартта Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык ишканаларына 38 даана жаңы атайын техника тапшырылганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Техника Турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү (ЖКХ кызматкерлеринин күнү) менен байланышкан иш-чаранын алкагында берилген. Кайсы ишканалар канча техника алды: * Бишкекасфальтсервис — 22 даана * Бишкекводоканал — 8 даана * Бишкексвет — 8 даана Ошондой эле майрамдык иш-чара Жаштык

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.