Францияда массалык иш таштоолордон улам алкоголдук компаниялар ишин токтотушту

Францияда массалык иш таштоолордон улам алкоголдук компаниялар ишин токтотушту

 Франциядагы массалык иш таштоолордон улам 26 алкоголдук ичимдик өндүрүүчү компания өз ишин токтотууга аргасыз болгонун "Казинформ" агенттиги кабарлады.

Иш таштоолор шарап, шампан, коньяк жана башка спирт ичимдиктерин өндүргөн ири компанияларга терс таасирин тийгизген. LCI телеканалы билдиргендей, Франциянын түндүк-чыгышындагы Шампан-Арден аймагында жайгашкан Ruinart жана Moët & Chandon компанияларынын кызматкерлеринин 80%ы иш таштоого чыгышкан.

Алар ишкана жетекчилигинин жылдык бонус төлөмүн жокко чыгаруу чечимине каршы экенин билдиришкен. Бул бонус 1967-жылдан бери төлөнүп келген жана быйыл алгачкы жолу токтотулуп жатат. Профсоюз өкүлдөрү билдиргендей, бул бонустун жоктугу айрым кызматкерлер үчүн эмгек акынын 10-15% төмөндөшүнө алып келет.

2024-жылдын биринчи чейрегинде алкоголдук ичимдиктерге болгон суроо-талап 33%га төмөндөгөн, жыл аягына чейин бул көрсөткүч 36%га жетиши мүмкүн. Бул, негизинен Кытайдын француз коньягын импорттоого чектөө киргизиши жана АКШда керектөөнүн азайышы менен байланыштуу.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө аймагында автожолдорду тазалоо жана оңдоо иштери жүрүүдө

Өлкө аймагында автожолдорду тазалоо жана оңдоо иштери жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары тарабынан жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдорду ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, кышкы тейлөөнүн жыйынтыгынан кийин жол жээктерин тазалоо иштери жүргүзүлүп, атайын техниканын жана кол күчүнүн жардамы менен жол бетиндеги чаң-топурактар тазаланып, парапеттер менен бордюрлардын негиздери жууп-тазаланды.

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана фермерлерди колдоо максатында бир катар мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда. Бул программалар айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоорлорду ишке ашырууда фермерлерге жеңилдетилген каржылык колдоо көрсөтүүдө "Айыл Банк" ААКнегизги өнөктөштөрдүн бири болуп

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери биологиялык активдүү кошумчаларды (БАД) мыйзамсыз алып келүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мекемеден билдиришкендей, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек – автожол" товарларды көзөмөлдөө пунктунда жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан коштомо документтери жок биологиялык активдүү кошумчалар табылган. Алдын ала маалымат боюнча, аныкталган

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кечээ экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ким Квангджэ менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков Корея Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу багыттар боюнча тыгыз кызматташтык түзүлгөнүн айтты. Министр ошондой эле Корея Республикасынын