К.Ташиев ЦУМдун жанындагы жолду тарыткан конструкцияларды дароо бузуу тапшырмасын берди

К.Ташиев ЦУМдун жанындагы жолду тарыткан конструкцияларды дароо бузуу тапшырмасын берди

Министрлер кабинетинин төрага орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанында курулуп жаткан объектке келип, Old Bishkek долбоорунун жетекчиси Нариман Түлеевге долбоор анын эмес, шаардыктардын маселесин чечиши керектигин билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 8-декабрда Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Чүй проспектинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин текшерип, жолдун боюнда жайгаштырылган жана кыймыл бөлүгүн тарыткан конструкциялар менен аялдамаларды дароо бузуу тапшырмасын берди.

Ал ошондой эле курулуш министрлигине, шаар мэриясына жана башка жооптуу жактарга борбордо транспорт кыймылы үчүн маанилүү болгон жолду тез арада калыбына келтирүү жана шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча көрсөтмө берди.

"Өз кезегинде курулуш компаниясынын жетекчилиги жолду калыбына келтирүү жана инфраструктураны тартипке келтирүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алып, иштерди мүмкүн болушунча кыска убакытта бүтүрөбүз деп убада беришти", — делет УКМКнын маалыматында.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түздү

Эки айда Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түздү

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр (ЕАЭБден тышкаркы мамлекеттер) менен тышкы соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5,8%га азайганын Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы күбөлөндүрөт. Төмөндөө 78,55 млн долларды түздү — өткөн жылы 1,35 млрд доллар болсо, быйыл 1,27 млрд

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку максимумга жетти

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку максимумга жетти

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетип, бир галлон үчүн 3,8 $ чыкты. Бул тууралуу Америкалык автомобиль ассоциациясына шилтеме берип, РИА Новости билдирди. Energy Information Administration көз карандысыз уюмунун аналитиктеринин маалыматына ылайык, мындай деңгээл акыркы жолу 2023-жылдын октябрь айында катталып, бир галлон үчүн 4 $ чейин

Садака-фитирди саналуу мүнөттө кантип муфтиятка түз төлөсө болот?

Садака-фитирди саналуу мүнөттө кантип муфтиятка түз төлөсө болот?

Ыйык Орозо айында муктаждарга жардам берүү жана жакшы иштерди кылуу өзгөчө мааниге ээ. MegaPay тиркемесинин колдонуучулары фитр-садаканы онлайн түрүндө — тез жана ыңгайлуу, түз эле смартфон аркылуу бере алышат. Тиркеме аркылуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсебине кайрымдуулук төлөмүн жүргүзүүгө болот. Сервис ар бир каалоочуга Орозо айы аяктаганга чейин бул маанилүү руханий

Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү 60%га кыскарды

Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү 60%га кыскарды

АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу жана Ормуз кысыгынын жабылып калганына байланыштуу Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү кескин азайганын "Казинформ" билдирет. Акыркы маалыматтарга ылайык, бир жума ичинде бул аймактан мунай экспорттоо февраль айына салыштырмалуу кеминде 60% га кыскарган. Мунун негизги себептери - жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр жана мунай өндүрүүнүн азайышы. Ормуз