Кытай инвесторлору Жыргалаң курортун курууга кызыкдар

Кытай инвесторлору Жыргалаң курортун курууга кызыкдар

Кытайдын буга чейин ири мейманканаларды курган инвесторлору "Ала-Тоо Резорт" курортун курууга кызыкдар экенин "Ала-Тоо Резорт" ишканасы маалымдады.

Маалыматта коңшу мамлекеттен келген курулуш компаниялардын өкүлдөрү МинКаб чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Азамат Кадыралиев жана “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасынын директору Жаркынбек Максүтов менен биргеликте курорт курула турган аймакты жеринен көрүштү.

Ушул тапта Садыр Жапаровдун демилгеси, мамлекеттин колдоосу менен курулушу башталган бул ири курортко барчу жолдордун, ошондой эле асма аркан жолдун, таза суу объектилеринин курулушу да кызуу жүрүп жатат. Инвесторлор Жыргалаң шаарчасы курулуп жаткан жер тилкелерин алуу үчүн аукциондун экинчи этабына катышуу ниетин билдиришкен.

Эске салсак Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагына курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” ири курорттук зонанын алгачкы этабы июль айында өткөн. Анда курула турган обьектилердин жер тилкелерин 14 лот менен жергиликтүү инвесторлор уткан.

Эми аукциондун экинчи этабы жакынкы күндөрү жарыяланып, дагы 35 лот аукционго коюлат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги муниципалдык ишканаларга 38 даана жаңы атайын техника берилди

Бишкектеги муниципалдык ишканаларга 38 даана жаңы атайын техника берилди

14-мартта Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык ишканаларына 38 даана жаңы атайын техника тапшырылганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Техника Турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү (ЖКХ кызматкерлеринин күнү) менен байланышкан иш-чаранын алкагында берилген. Кайсы ишканалар канча техника алды: * Бишкекасфальтсервис — 22 даана * Бишкекводоканал — 8 даана * Бишкексвет — 8 даана Ошондой эле майрамдык иш-чара Жаштык

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.