Дүйнөлүк базарда күмүштүн бир унциясы 60,24 долларга чыкты

Дүйнөлүк базарда күмүштүн бир унциясы 60,24 долларга чыкты

Дүйнөлүк базарда күмүштүн баасы кескин өсүп, бир унциясы 60,24 долларга жеткенин, кечээ баа дээрлик 3%га көтөрүлгөнүн Интерфакс билдирди. Ошол эле учурда алтын да кымбаттап, баасы 0,4%га өсүп, унциясы 4235,9 долларды түздү.

Адистер мындай өсүштү АКШнын Федералдык резерв системасы жакын арада негизги пайыздык ченди 0,25%га төмөндөтүшү мүмкүн деген күтүүлөр менен байланыштырып жатышат. Соодагерлердин эсебинде бул чечимдин кабыл алынышынын ыктымалдуулугу 89,6%.

Чендин төмөндөшү алтын менен күмүш үчүн жакшы белги. Айрым аналитиктер алтындын баасы дагы рекорддук көрсөткүчтөргө жетиши мүмкүн деп эсептешет.

Азыр рынокто 1 унция алтын сатып алуу үчүн 71 унция күмүш керек, ал эми октябрда бул көрсөткүч 82 унцияны түзгөн.

Инвестиция адистери белгилегендей, күмүш азырынча дагы кымбаттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Себеби рынокто күмүш тартыш болууда. Эгер бул дефицит жоюлбаса, күмүштүн баасы мындан ары да өсө тургандыгы белгиленет.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы