Казакстанда кремний эритмелерин чыгаруучу ири завод ишке кирди

Казакстанда кремний эритмелерин чыгаруучу ири завод ишке кирди

Караганда облусунда кремний эритмелерин чыгаруучу завод ишке киргенин tengrinews.kz сайты жазды. Жаңы ишкана кремний кластерин түзүү боюнча ири долбоордун биринчи этабы болуп саналат.

Бул кластер чийки затты казып алуудан жана электр энергиясын өндүрүүдөн тартып, жогорку технологиялуу тармактар үчүн материалдарды чыгарууга жана андан ары күн панелдерин өндүрүүгө чейинки циклди камтыйт.

"Казакстанда да, бүтүндөй Борбордук Азияда да учурда жогорку тазалыктагы кремний өндүрүлбөйт. Совет мезгилинде мындай өндүрүштөр Кыргызстанда болгон, бирок алардын кийинки тагдыры мага белгисиз. Караганда шаарында металлургиялык кремний чыгаруучу ишкана иштейт, бирок бул салыштырмалуу чакан көлөмдөр. Ошол эле учурда поликристаллдык жана монокристаллдык кремнийге болгон суроо-талап, айрыкча санариптик технологиялардын жана жасалма интеллекттин өнүгүшүнө байланыштуу, мындан ары да өсөт. Бул технологиялар барган сайын көбүрөөк электр энергиясын талап кылат. Ал эми бул көлөмдөрдү альтернативдүү энергия булактары аркылуу камсыз кылууга болот, алар үчүн жогорку тазалыктагы кремний зарыл", — деп түшүндүрдү жаңы заводдун жетекчиси Талгат Макаев.

Энергетикадан тышкары, кремний башка тармактарда да кеңири колдонулат: медицинада, тамак-аш өнөр жайында жана курулушта. Кремний кластери толук долбоордук кубаттуулукка чыкса, ар бир этапта ар кандай түрдөгү кремний өндүрүлүп, ал көп тармактарда талапка ээ болот. Мындан сырткары, долбоорду ишке ашыруу өзүнүн энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнү да камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы