Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамы бекитилди

Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамы бекитилди

МинКабдын 2025-жылдын 26-ноябрындагы №1022-т тескемеси менен Министрлер Кабинетинин алдындагы Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссиянын курамын бекитти.

Комиссиянын төрагасы болуп МинКаб Төрагасынын орун басары дайындалды. Комиссия төрагасынын орун басары — илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары.

Комиссиянын курамына экономика жана коммерция, юстиция, финансы, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл, санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрликтеринин орун басарлары, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана илимий-билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү кирди.

Тактап айтканда, Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
  • Улуттук инвестициялар агенттигинин директорунун орун басары;
  • Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
  • Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
  • Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары;
  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору;
  • Ош мамлекеттик университетинин ректору;
  • "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" илимий-изилдөө университетинин ректору.

Комиссия Кыргыз Республикасында технологиялык парктарды өнүктүрүү жана алардын ишмердүүлүгүн координациялоо маселелерин алып барат.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы