Кыргызстан 10 айда 6,2 тонна алтын экспорттогон
Ушул жылдын он айында Кыргызстан 6,2 тонна алтынды 682,8 миллион долларга экспорттогонун Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынан белгилүү болду.
Октябрь айында Кыргызстан 529,4 килограмм алтын экспорттогон. Анын ичинен 280,6 килограммы 34,6 миллион долларга Улуу Британияга, ал эми 248,7 килограммы 32,7 миллион долларга Швейцарияга жөнөтүлгөн.
Жалпысынан январь–сентябрь айларында кыргыз алтыны өлкөлөр боюнча төмөнкүдөй экспорттолгон:
- Швейцария — 3,9 тонна, 437,8 млн доллар;
- Улуу Британия — 2,1 тонна, 233,2 млн доллар;
- Малайзия — 100 килограмм, 10,7 млн доллар;
- Түркия — 10,6 килограмм, 1 млн доллар.
Ошол эле учурда январь–октябрь айларында алтын экспорту өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 70,3%га төмөндөгөн.