Кыргызстан менен Япония кызматташуу боюнча 18 документке кол койду

Кыргызстан менен Япония кызматташуу боюнча 18 документке кол койду

Президент Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында "Борбордук Азия + Япония" Диалогунун бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документтерди жарыялоо аземине катышты.

Форумдун ишкердик программасынын алкагында туруктуу өнүгүү, "жашыл" экономиканы түзүү, санариптештирүү, IT-индустриясын өнүктүрүү, ошондой эле адамдык капиталды жана билим берүүнү өнүктүрүү маселелери сыяктуу өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин жана тараптардын өнөктөштүк мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө кызыкдарлыгын тастыктаган эки тараптуу документтерге кол коюу аземи өттү.

Кыргызстан менен Япониянын мамлекеттик органдарынын жана бизнес түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө документтердин тизмеси:

- Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюму (ДЖЕТРО) менен биргеликте КР Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун потенциалын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы;

- КР Энергетика министрлиги менен "MurooSystems Corporation" компаниясынын ортосундагы 2024-жылдын 30-августундагы Инвестициялык макулдашууга ылайык Чоң-Кемин дарыясына кичи ГЭС куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жол картасы;

- КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен улуттук ооруканалардын ортосунда Япониянын "Китахара" үлгүсүндөгү шашылыш жана интенсивдүү жардам көрсөтүүчү алдыңкы борборлорду пландаштыруу жана түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргыз-Япон ишкердик кеңеши менен Япония-Кыргызстан экономикалык алмашуу ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- КР Агартуу министрлиги менен Sprix корпорациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- КР Агартуу министрлиги менен «Fujifilm SystemServiceCo, Ltd» жана «Digital Knowledge Inc» компанияларынын ортосундагы меморандум;

- КР Агартуу министрлиги менен «GAKKEN HOLDINGS Co, Ltd» компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- КР президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун (KRJC) ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум;

- КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен Япониянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсы менен "MurooSystems Corporation" компаниясынын ортосундагы электр энергиясын сатып алуу келишими;

- Кыргыз улуттук университетинин Агробизнес борбору менен Agritree Co., Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Японияда чыгарылган техникалык тейлөө шаймандарын Кыргызстанга жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча Eight Tool Co., Ltd компаниясы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- "Плюс" КФ менен Japan Tobacco Inc компаниясынын ортосундагы "Тең мүмкүнчүлүктөр" социалдык борборунун кызматташтыгы жөнүндө меморандум;

- Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору (KRJC) менен "Кыргыз-Япон мектеп-комплекси" КБ ЖЧК ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө меморандум (MoU);

- Кыргыз-Япон санариптик университетин (K – JDU) түзүү жана башкаруу боюнча үч тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандум;

- КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен Маизуру шаарынын ортосундагы жаштардын спорттук алмашуусу боюнча ниеттер жөнүндө документ;

- Балыкчы шаарынын мэриясы (Кыргыз Республикасы) менен Маизуру шаарынын мэриясынын (Япония) ортосундагы кызматташуу жөнүндө ниет кат;

- Consulting Division of Hirayama Corporation менен "Моушн Групп" ААКсынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Мындан тышкары окуңуз

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат. Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой

Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот

Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот

2026-жылдын курулуш мезгилинде Кыргызстан боюнча стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор кеңири масштабда курулуп, оңдолот. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Нарын — Баетов,

Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт

Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт

Бишкекте кыргыз-беларус бизнес-форумун өткөрүүгө даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, элчи Беларусь Соода өнөр-жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен жолугушуп, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-беларус бизнес-форумуна даярдык маселелери талкууланды. Форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз

Бишкекте “Роял Централ Парк” комплексинин курулушу текшерилди

Бишкекте “Роял Централ Парк” комплексинин курулушу текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов борбор калаадагы “Роял Централ Парк” долбоорунун курулуш иштери менен таанышты. Ведомстводон маалымдагандай, аталган көп функционалдуу шаар комплекси Бишкектин Термечиков көчөсү, 16 дарегинде курулууда. Долбоор 2025-жылдын жазында башталып, заманбап архитектуралык жана