Ирак суу тартыштыгынан улам мунайды сууга алмашууга кызыкдар

Ирак суу тартыштыгынан улам мунайды сууга алмашууга кызыкдар

Эң ири суу кризисине туш болгон Ирак суу ресурстары тармагында Түркия менен кеңири кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти. Буга кургакчылык, климаттын өзгөрүшү, дарыялардын жогорку агымында курулган плотиналар жана инфраструктурадагы узакка созулган көйгөйлөрдүн фонунда Тигр жана Евфрат дарыяларынын кескин тайыздап кетиши себеп болду.

Ирактын маалыматы боюнча, өлкөнүн суу ресурстарынын болжол менен 60%ы Түркиядан келген агымдын эсебинен түзүлөт. Бирок акыркы жылдары Иракка келип жаткан суунун көлөмү кыйла азайган. Абалды эскирген суу камсыздоо тутумдары, согуштардын кесепеттери жана натыйжасыз башкаруу дагы да курчуткан. Ошол эле учурда Ирактагы суунун 80%дан ашыгы айыл чарба муктаждыктары үчүн колдонулат.

Ноябрь айында Багдад менен Анкара суу жаатындагы кызматташуу боюнча миллиарддаган долларлык алкактык келишимге кол коюшту. Макулдашуунун алкагында түрк компаниялары Иракта суу сактагычтарды, дамбаларды жана сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган башка инфраструктуралык объекттерди курат. Долбоорлор ирак мунайын экспорттоодон түшкөн кирешелердин эсебинен каржыланат: Ирак макулдашылган көлөмдөгү чийки мунайды сатып, түшкөн каражатты атайын фондго багыттоону милдеттенди.

Иран өкмөтүндө бул келишим айыл чарба, өнөр жай жана ичүүчү суунун муктаждыктарын эске алуу менен, суу менен кепилденген камсыздоонун механизмин биринчи жолу бекиткенин, ошол эле учурда ресурстарды башкарууда толук суверенитет сакталарына басым жасашууда.

Кризистин фонунда БУУнун маалыматы боюнча, Иракта 168 миңден ашуун адам кургакчылык жана экологиялык көйгөйлөрдөн улам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон. Суунун тартыштыгынан миңдеген дыйкандар айыл чарбасынан баш тартып, айрым аймактарда айдоо жерлер турак жай куруу үчүн пайдаланылууда.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы