АКШда "К-образдуу" экономика элди эки ажырымга бөлдү

АКШда "К-образдуу" экономика элди эки ажырымга бөлдү

2020-жылкы пандемиядан кийин экономиканын бир беткей эмес калыптанышын сүрөттөө үчүн пайда болгон "K-түрүндөгү экономика" термини азыр коомдогу катмарлар ортосундагы ажырымдын барган сайын тереңдеп баратканын билдирген универсалдуу түшүнүккө айланганын New York Times басылмасы жазды.

Улуттук чекене соода федерациясынын божомолу боюнча, быйыл АКШдагы майрамдык чыгымдар тарыхта биринчи жолу 1 трлн доллардан ашат. Бирок бул сумманын негизги бөлүгүн кымбат, люкс товарларды сатып алган бай америкалыктар камсыздайт. Ал эми кирешеси төмөн адамдар арзандатууларды издөөгө же кредиттик карталарды колдонууга аргасыз болот.

Мичиган университетинин өкүлү Жоанн Хсунун түшүндүрмөсүнө ылайык, "K-түрүндөгү экономика" — бул байлар (K тамгасынын жогору караган бутагы) ишенимдүү түрдө акча коротуп жаткан шартта, кирешеси аз адамдар (ылдый караган бутагы) араң жан багып жашап жаткан кырдаал. Бул айырмачылык керектөөчүлөрдүн маанайын изилдеген сурамжылоолордо даана байкалат.

Moody’s Analytics маалыматына ылайык, үй чарбаларынын эң бай 10%ы жалпы керектөө чыгымдарынын дээрлик жарымын камсыздайт. Бул терминди кеңири жайылткан Питер Этвотер анын убактылуу көрүнүш болушун үмүт кылган. Бирок чындык башкача болду: байлардын кирешеси жана активдери өсүп жатканда, аз айлык алган кызматкерлер артта калып жатат.

Жумушсуздуктун деңгээли 4,6%га жетип, акыркы төрт жылдагы эң жогорку көрсөткүч болду. Инфляция, тарифтер жана жасалма интеллекттен келип чыккан тобокелчиликтер да басымды күчөттү.

Bank of America жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, америкалыктардын 62%ы каржылык кыйынчылыктарды сезишет, алардын 87%ы арзандатылган дүкөндөрдөн соода кылууну пландаштырып жатат. Компаниялардын айтымында, люкс сегментине болгон суроо-талап өскөн (мисалы, Delta Air Lines компаниясында премиум-билеттер эконом-класска караганда жакшы сатылууда), ал эми массалык рынок арзан альтернативаларды издеп жатат.

АКШнын Федералдык резерв системасынын төрагасы Жером Пауэлл да экономиканын экиге бөлүнгөнүн тастыктады: кирешеси төмөн жарандар чыгымдарын кыскартып, бюджеттик товарларга өтүп жатышса, байлар мурдагыдай эле керектөөнү улантууда.

Питер Этвотердин айтымында, америкалыктар эки башка дүйнөдө жашап жатышат: "Төмөндө тургандар үстүндөгү молчулукту байкабай кое алышпайт".

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы