Балыкчыда өсүмдүктөр лабораториясын курууга 350 миң доллар бөлүнөт

Балыкчыда өсүмдүктөр лабораториясын курууга 350 миң доллар бөлүнөт

Балыкчыда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория курулуп жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш Ислам Өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.

Лабораториянын курулушуна, лабораториялык жабдуулар, оргтехника жана эмеректерге жалпы суммасы 350 миң доллар каралган.  

Бүгүн Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти менен Юнихелп компаниясынын ортосунда лабораториялык жабдууларды жана эмеректерди алуу үчүн 14 млн 170 миң 121 сомдук келишимге кол коюлду.

Лабораториянын курулушу Ысык-Көл жана Нарын облустарында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл кадам болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги 3 акча алмаштыруу бюросу айыпка жыгылды

Бишкектеги 3 акча алмаштыруу бюросу айыпка жыгылды

КРнын мыйзамдарын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы үч алмашуу бюросу айыпка жыгылды. Улуттук банк тараткан маалыматка ылайык, үч алмаштыруу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Азыркы тапта Улуттук банктын лицензиясына ээ болуп, Кыргызстандын бардык аймактарында ишмердүүлүк жүргүзгөн

Эт баасы эмнеге өсүп жатат?

Эт баасы эмнеге өсүп жатат?

Кыргызстанда эттин баасынын өсүшү социалдык жактан аяр катмарлар үчүн көйгөй боюнча калганын радионун эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев билдирди. Анын айтымында, мамлекет этке болжолдуу бааны килограммына 680 сом деңгээлинде белгилеген, бирок базарларда баа 700–750 сомго чейин жетиши

Кыргыз-япон кызматташтыгы: кош салыкты жоюу жана инвестицияларды арттыруу макулдашылды

Кыргыз-япон кызматташтыгы: кош салыкты жоюу жана инвестицияларды арттыруу макулдашылды

18-20-декабрда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында "Борбордук Азия + Япония" диалогунун биринчи саммитине жана бизнес-форумуна катышты. Сапардын негизги максаты — кыргыз-япон салыктык кызматташтыкты бекемдөө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү болду. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө министр Бакыт Сыдыков жана Япониянын тышкы

Кыргызстанда 2025-жылы кайсыл тасмалар "акчалуу" болду?

Кыргызстанда 2025-жылы кайсыл тасмалар "акчалуу" болду?

2025-жылы кыргызстандык фильмдер "Синематика" кинотеатрлар тармагынын дүң кирешесинин 46%ын камсыздаганын Kaktus.mediaга тармактын коммерциялык директору жана КРнын кинотетр кожоюндары ассоциациясынын төрагасы Гулькаир Тиленбаева билдирип, кыргыз киносуна болгон позициялардын чыңдалып жатканын белгиледи. Жаңылыктарга ылайык, январдан декабрга чейин төрт кинотеатрда эң көп киреше тапкан фильмдер: * "Зверополис-2" * "