Быйыл 4 млн 84 миңден ашык окуу китеби жарык көрдү
2025-жылы окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга мамлекет тарабынан 856 548 703 сом бөлүнгөнү “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди.
Маалыматка ылайык, быйыл окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу көлөмү акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүчкө жеткен.
Тактап айтканда, 2025-жылы 4 084 870 даана окуу-методикалык комплекс жарык көрүп, бул акыркы 8 жыл ичинде чыгарылган жалпы көлөмдөн 9,1%га көп болгон. Ал эми 2017–2024-жылдар аралыгында жалпы 3 742 461 даана окуу китеби басылып чыккан.