Финансы министрлиги жыл жыйынтыгы менен Турукташтыруу фондуна 89,1 млрд сом которот

Финансы министрлиги жыл жыйынтыгы менен Турукташтыруу фондуна 89,1 млрд сом которот

Финансы министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Турукташтыруу фондуна 89,1 млрд сом которууну пландап жатат (Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 млрд доллардан ашык). Такталган баа 2025-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмө катта келтирилген.

Мыйзам долбооруна тиркелген 2-тиркемеге ылайык, бул каражаттар экономикалык классификация боюнча республикалык бюджеттин чыгашалары катары эсепке алынат. Баштапкы бекитилген трансферттин көлөмү 10 млрд сомду түзгөн. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, фонддун каражаттары социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоого багытталат.

Турукташтыруу фонду 2022-жылдын март айында түзүлгөн жана андан бери 2025-жылга карата Финансы министрлигинин жаңыртылган баасын эске алганда республикалык бюджеттен фондго которулган каражаттардын жалпы көлөмү 110 млрд сомго жеткен.
Ал эми 2026-жылы Финансы министрлиги республикалык бюджеттин долбооруна ылайык, бул фондго 50 млрд сом которууну пландап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат. Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой

Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот

Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот

2026-жылдын курулуш мезгилинде Кыргызстан боюнча стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор кеңири масштабда курулуп, оңдолот. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Нарын — Баетов,

Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт

Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт

Бишкекте кыргыз-беларус бизнес-форумун өткөрүүгө даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, элчи Беларусь Соода өнөр-жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен жолугушуп, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-беларус бизнес-форумуна даярдык маселелери талкууланды. Форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз

Бишкекте “Роял Централ Парк” комплексинин курулушу текшерилди

Бишкекте “Роял Централ Парк” комплексинин курулушу текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов борбор калаадагы “Роял Централ Парк” долбоорунун курулуш иштери менен таанышты. Ведомстводон маалымдагандай, аталган көп функционалдуу шаар комплекси Бишкектин Термечиков көчөсү, 16 дарегинде курулууда. Долбоор 2025-жылдын жазында башталып, заманбап архитектуралык жана